Түштүк Кореянын Пусан шаарында АПЕК уюмунун саммитин утурлай өткөн жолугушуудан кийинки маалымат жыйынында, Түштүк Корея президенти Но Му Хен Жорж Буш менен сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгы тууралуу мына буларга токтолду:
- Түндүк Кореяга байланыштуу биз анда өзөктүк курал болушуна жол берилбей турганын кайталап, бул маселе тынч жана дипломатиялык ыкма менен чечилүүсү керектигин кайрадан ырастадык.
АКШ президенти Жорж Буш болсо өз сөзүндө администрациясынын Кошмо Штаттар Түндүк Кореяга жеңил суудагы реактор курууга жардам бербейт деген турумун кайрадан эске салды:
- Проблема чынында реактордо. Биздин турум – маселени ылайыгы келген учурда талкуулайбыз. Ылайыгы келген учур - биз Түндүк Корея өзөктүк куралы же ага байланышкан программаларынан баш тартканын текшере алганда.
Расмий Пхеньян экономикалык жардам жана коопсуздук кепилдиктери тартууланса, өзөктүк программасын токтотууга көнгөнү менен кошумча дагы бир шартты - ага жеңил сууда иштөөчү реактор берилишин талап кылууда.
АКШ жана Түштүк Корея лидерлери Түндүк Кореянын өзөктүк программасынын айланасындагы чатакты жөндөө үчүн алты тараптуу сүйлөшүүлөрдү улантууну көздөөрүн ырасташты. Алардан башка Түндүк Корея менен сүйлөшүүлөргө Орусия, Кытай жана Жапония тартылган.
Жорж Буштун айтымында, эгер эки өлкө биргелешип иштесе, келечекте Корея жарым аралынын тынч жол менен кошулуусуна реалдуу мүмкүнчүлктөр бар. Жорж Буш менен Но Му Хендин биргелешкен билдирүүсүндө "Корей жарым аралында аскерий коркунучту азайтуу, учурдагы элдешүү механизминен тынчтык механизме өтүү жарым аралдын толугу менен тынч биригүүсүнө салым кошмок", деп айтылган.
Эки Кореянын ортосундагы тынчтык сүйлөшүүлөрү 1997-жылы Женевада башталган, бирок кийинки эле жылы натыйжасыз токтоп калган болчу. Мамлекеттик визит менен Сеулга барган Кытай президенти Ху Цзиньтао да акыр аягында эки Кореянын кошулуусун колдоорун билдирди.
Корей жарым аралы 1950-53-жылкы согуштун натыйжасында бөлүнгөн. Түндүк жана Түштүк Корея техникалык жактан азыр деле согуш абалында турат.