Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:20

СЕНАТОР ЖОН МАККЕЙН РОЗА ЖАНА БАШКА ЫҢКЫЛАПТАР ТУУРАЛУУ


23-ноябрда Грузияда Роза ынкылабынын эки жылдыгы майрамдалды. өлкөнү узак жылдар башкарган Эдуард Шеварднадзени бийликтен шыпырып түшкөн массалык чыгуулар мурдакы советтик мейкиндиктеги улуттук өкмөттү алмаштырган өзгөчө окуя болду. Андан кийинки ынкылаптардын натыйжасында Украина менен Кыргызстанда да эски советтик мектептин тарбиясын көргөн лидерлер бийлигин жоготту. Грузиядагы ынкылап, анын мааниси жөнүндө америкалык сенатор Жон МакКейн “Азаттык” радиосуна кабарчысы Саломе Асатиани менен ой бөлүшкөн.

Аризона штатында жашаган АКШ Конгрессинин мүчөсү Жон МакКейн Грузиядагы кырдаалды астейдил байкап жана талдап жүргөн cаясатчы:


– Мен Грузиядагы кырдаалга өтө кылдат көз салып турам. Себеби, бул жерде болгон окуялар Грузиянын элине эмес, бүтүндөй региондун элине үлгү болот; эркиндик жана демократия бардык жерлерге, анын ичинде Грузияга коңшу кээ бир өлкөлөргө болочокто келиши мүмкүн деген үмүттөмүн.

Сенатор МакКейн өлкөдө режим алмашып, бийлик тутунган жолун, тышкы саясатын өзгөртүп, мурдакы президент Эдуард Шеварднадзеге жакын адамдар башкаруудан четтетилип жатканда түрдүү кыйынчылыктар болоорун кадыресе көрүнүш катары көрөт:


– Менин баамымда, Грузияда олуттуу өзгөрүүлөр болду. Сиздин пайдубалыңыз өзгөрүп жатканда, өлкөнүн саясый багыты алмашып жатканда, кыйынчылыктар жана тоскоолдуктардын, бут тосуулардын болору айкын. Бул сындуу тоскоолдуктар алдыда да бар. Бирок жалпысынан алганда, өлкөдө таң каларлык өзгөрүүлөр болду.

МакКейн Грузиядагы жана Украинадагы ынкылаптын локомитиви бийликти айла-амал менен колдон чыгарууну каалабаган жетекчиликтен жадаган карапайым эл болгонуна, Вашингтон революцияны колдоп, жаңы бийликти эл аралык коомчулуктун таануусуна зор салым кошконуна ишаара кылат:

– Менин оюмча, Кошмо Штаттары Роза ынкылабын жана Украинадагы революцияны колдоп чоң роль ойноду. Абдан маанилүү роль ойноду деп ойлойм. Бирок эки ынкылапты тең өлкөдө адилетсиз орнотулган режимдерди чанган эл ишке ашырганын танып болбойт.

Аризоналык конгрессмендин пикиринче, Грузиядагы жана Украинадагы окуялар президент Аскар Акаевдин бийликти жоготуусуна жана азыр Ливанда болуп жаткан саясый толкундоолорго ачыктан ачык таасир этти деп санайт:


– Кыргызстандагы ынкылаптын болушуна кыргыз эли Украинада жана Грузияда көргөн окуялар түздөн түз таасир этти. Азыр Ливанда болуп жаткан окуялардын да башаты ушундай. Ошондуктан, сиз да, алар да демократия абдан жугуштуу алаамат экенин көрөсүздөр деп ойлойм.

XS
SM
MD
LG