Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:22

МҮЛКҮ-БАЙЛАР МЕНЕН ТҮЛКҮ-БАЙЛАР…


Айтылуу 24-март окуясынан кийин «Акаевдардын мүлкү» узун тизмеге тизилип, карапайым журттун кайнап турган кыжырын ого бетер келтирип, КТРдан калайык калкка көрсөтүлүп, гезиттер биринен бири көчүрүп басып, уу-дуу түшүп, Акүй атка минерлери «мына көрдүңөрбү, Акаевдардын кылган кылыктарын?» деп 7-кабаттан караламан калкты карап турбады беле. Анан эмне болду?

Акаевдардын мүлкү деген сөздөрдүн чын эле чындыгы барбы же кезектеги ойлоп чыгарылган жомокпу? Эгер жомок болбосо эмне үчүн эки жылдан бери алардын дайны чыкпайт? Мына ушундай суроо менен «МСН суббота» гезити ошол кездери Акаевдардын мүлкү боюнча комиссияны жетектеген депутат Азимбек Бекназаровго собол салган. Азимбек мырза, жакынкы эле мезгилдерде өлкөнүн Башпрокуротурасына беш ирет атайын кат менен кайрылганын, беш ирет тең бул органдан эптеп иттен чыгарып коймой жооп алганын, ошол 2005-жылы арест коюлган айрым обьектилердин арести кийин алынып салып, акция пакеттери кайрадан башка бирөөлөргө сатылып, кыскасы Акаев калың элдин жон терисинен кайыш тилип жүрүп топтогон мүлк бүгүн кайрадан өз ара бөлүштүрүлүп, устукандалып кеткенин кейиш менен кеп кылган.

«Агым» гезити, Жогорку Кеңеште «Бригада» деген аты бар күчтүү депутаттык топ калыптанып баратканын, аны төрага Марат Султанов жетектээрин, бул топ бүгүнкү күндө Бакиевдин көшөгө артындагы эң коркунучтуу оппозициясы экендигин, Акаевдин уулу Айдардын жакын досторунун бири Эрик Акматов деген жигит Үсөн Сыдыковдун «Манас» аэропортуна президенттик кылган уулуна орунбасар болуп келгенин, азыркы күндө кыргыз элитасынын 80 пайызы баягы эле Акаевдардын куйруктарынан турарын, баса Орусия элчилигинен ооп түшкөн Апас Жумагуловдун ордун бийлик Феликс Куловго сунуштап жатыптыр деген каңшаар тараганын, апрель митингинен кийин УКК абагына түнөп чыккан генерал Өмүрбек Субаналиев азыр Ысык-Көлдө эс алып жүргөнүн, жакында ага балыкчылык шайлоочулардын айрым өкүлдөрүнөн депутат болуп бер деген сунуштар түшүп жатканын, казак президенти Нурсултан Назарбаевдин 2 миллиард доллар байлыгы бар экинчи күйөө баласы Кулибаев деген жигит туш тарапка турнабай салып,Талды Булак алтын кенин казганга даяр болуп калганын айтып, кыргыз бийлигинен тезирээк жооп берет деп күтүп атканын, ошондой эле «Агым» гезити премьер-министр Алмаз Атамбаевди жаңы конушуна келип кетүүгө чакырганын, өкмөт башчысы бир жумадан кийин келип редакция жамааты менен жолугууга убада бергенин кабарлады.

Кыргызстандын бажы кызматында карапайым калктын илим-билимдүү балдары иштешпейт. Бул жумушта чоң-чоң чиновник, калың чөнтөктүү байлардын жана алдым-жуттумдардын, алардын тааныштарынын, жакындарынын гана балдары иштеп келишкенин, бажы кызматына орношордо 100 миң сомго чейин пара берип, үбүлөнүн элегинен өтөрүн, республикадагы «Манас» аэропорту, Акжол, Токмок, Бишкек, Торугарт бажы тосоттору дал ушундай болгонун «Бажыдагы башаламандык качан токтойт?» деген макаласы аркылуу кийинки сандарында баяндарын жазды «Кыргыз туусу» гезити.

«Кыргыз руху» гезити атамзамандан бери карай эле адамзат пендесинин кумарына да, куралына да айланып келаткан «Бийлик» маселесине кайрылып, ушу тапта бийлик күчтүүбү же оппозиция күчтүүбү деп собол салганда, Топчубек мырза, тилекке каршы азыр экөө тең начар экенин, Конституциялык реформа туңгуюкка капталганын, өлкөдө күчтүү оппозиция жоктугун, бир бирден чакырып устукан таратса эле алар бийликке алданарын, Жантөрө Сатыбалдиев, Мелис Эшимканов, Алмаз Атамбаевдарды бийлик бирден санап туруп тартып алганын, эгер чындап эле күчтүү оппозиция болгондо эч качан бийликке алданбай бирдиктүү болмогун айтып жооп берген.

«Жаңы ордо» гезити Мамлекеттик катчы Адахан Мадумаровдун гезит кабарчысынын суроолоруна берген жообун басты. Гезит мамкатчынын өткөн бир жыйында «кимде ким ордумда иштеп эки эсе пайда келтирем десе ошо замат ордумду бошотуп берүүгө даярмын» дегенин эсине салып, ошондон көп өтпөйле Каныбек Абдыкадыров деген жигит, «эки эсе пайда апкеле турган менмин» деп жар салганын, буга сиз эмне дээр элеңиз деп суроо салганда мамкатчы, К.Абдыкадыровдун катын окуганын, ошол замат депутат Исках Масалиевге телефон чалып, «ушундай жардамчыңыз бар экен, мүмкүн болсо мага жөнөтүп койсоңуз, президентке алып кирейин» деп айтканын, депутат И.Масалиев, бул жигит оюна эмне келсе жасай берген адаты бар дегендей оюн билдиргенин, ошого карабай аны өзүнө жөнөтүп коюсун өтүнгөнүн айтып жооп берген.

Эгер бир эле киши эки өлкөнүн тең жараны болуп туруп, мисалы ал Кыргызстанда кылмыш кылып Орусияга кире качса кандай болот? Эсиңиздерде бардыр, Акаевдин күйөө баласы Адил Тойгонбаев Казакстанга кире качты эле, ал аяктын да жараны экен, казактар өз жараныбыздын чекесине черттирбейбиз деп кыргыз бийлигине бербей койгонун жазган «Жаңы кылым» гезити, Куловдун Орусия менен союз түзүү аракетин кезектеги саясый акция катары карап чочулабаган менен Жогорку Кеңештин жогорудагы кош жарандуулук жөнүндө кабыл алган мыйзамы чындап чочулатарын, бир эле киши тигил өлкөнүн да, бул өлкөнүн да жаранын ала берсе өлкөдө башаламандык күчөп, Кыргызстан убактылуу гана түнөп кете турган кербен сарайга айланып, күтүлгөн да, күтүлбөгөн да көйгөйлөргө туш болорубузду, ошондуктан кош жарандуулук боюнча мыйзамды кайрадан карап чыгуу маселесин койду.
XS
SM
MD
LG