«Аргументы и факты в Кыргызстане» гезити өлкөдө жакында эле кабыл алынган «Биримдик аркылуу өнүгүү» деп аталган улуттук идеология бийлик менен элди бириктирүүгө кудурети жетер бекен деген суроо коюп, эмнегедир идеологиянын авторлору бул проблеманын өзөгүн - «Эл-мамлекет үчүн, мамлекет-эл үчүн» дегенден көрүшөрүн, ал эми мурда бул башкача айтылчу эле, мисалы «Эл мамлекет үчүн эмес, мамлекет эл үчүн» деп… Бечера Кыргызстандын башын буга чейин кандай гана идеологиялар менен оорутушкан жок. Ал «2-Швейцария да, ал - туристтердин Меккеси да, ал - Жалпыбыздын Үйүбүз да, ал - Адам укугун урматтаган өлкө» да болуп көрдү эле, деп жазган гезит саясат таануучу Алексей Долгополовдун оюна окурмандардын көңүлүн бурган. -Чын эле дал ошондой идеология болуш үчүн эң биринчи кезекте бийлик адам баласынын оюна келе бербеген кемчонтой иштерди жасаганын, уурулугун жана өз элине каранадай калпты шыпырылтканын токтотушу керек. Идея идеясы менен боло берсин, бирок картошканын баасы 15, эттин баасы 200 сомдон арзан болуш үчүн эмне кылуу керек? Бийлик бийик трибуналардан Кыргызстандын ички дүң продукциясы 9 пайыз өстү деп дүңкүлдөп жатат, а бирок ошол эле убакта кимдир бирөөлөргө добушун жүрөгү эмес ашказаны аркылуу берип көнүп алган элге бир бөлкө нандын кымбаттап кеткенин кантип түшүндүрөсүң?-дейт саясат таануучу А.Долгополов мырза.
«Башпрокуратура бандитти куттуктадыбы?». Жакында эле 24.kg маалымат агенттиги Кыргызстандын Башпрокуратурасы Ички иштер министрлигине уюшкан кылмыштуу топтун башчысы деп жүргөн «Камчы Көлбаевга каршы кылмыш иштерин токтотуу жонүндө» тапшырма бергенин маалымдаганын, анын тагдырын чечкен Башпрокуратуранын бул чечими Кыргызстандын көз карандысыздыгынын 16 жылдыгына байланыштуу чыккан аминстияга жана Камчынын 3-августтагы туулган күнүнө дал келгенин кабарлаган «МК Кыргызстан» гезити, К.Көлбаев эки жолу адам өлтүргөн деп кармалып, 48-түрмөдө жатып, андан качып кеткенин, кийин Ички иштер министрлиги бардык массалык маалымат каражаттарына бул кылмыш дүйнөсүнүн авторитети сөзсүз кармаларын, жазаланарын, эгер каршылык кыла турган болсо атып өлтүрүлөрүн бүтүндөй өлкөгө жар салганын баяндап…Биз эми бандиттердин колунан ажал тапкандарды мындан ары өз жанын өзү кыйгандар деп түшүнөрүбүздү да билбей турабыз, кыскасы Рысбек Акматбаев сыяктуу эле Камчы Көлбаев да эми депутаттыкка талапкерлигин кое берсе болорун, ал эми өзүбүздүн Башпрокуратуранын куттуктоосуна кошо турган уяттан бөлөк белегибиз жок деп жазды. Ушул эле гезит өлкө жетекчилери акыркы кездери Бакиев деген Акаев эмес, коррупция жоголду, элдин жашоо-турмушу саат сайын жакшырып баратат, сөз эркиндиги үчүн эчким куугунтукка алына элек, биздин саясат акаевдин саясатынан түп-тамырынан бери айырмаланат деп айтканды жакшы көрүшөрүн, бирок бийликтегилерге кандай сезилерин билбейт экенбиз, жерге жакыныраак жүргөн бизге өткөн бийлик менен азыркы бийликти айырмалай турган жок дегенде эки айырма табалбай койдук деп билдирди. Гезит мындан тышкары Аксы окуясына байланыштуу мурдагы атка минерлер А.Карыпкулов, З.Кудайбергенов, С.Урманаев, Дубанаев, К.Токобаев жоопкерчиликке тартылганы жатканын, бирок окуянын оң чечилишине ишене бербеген А.Бекназаровдун айтуусунда, Бакиев аралашкан бул иш бийликтин кезектеги оюну экендигин, мамлекет башчысы коомчулуктун нааразылыгынан чочулап, президенттик мөөнөтүн ызы-чуусуз улантууну көздөп ушуга барып жатканын, а чын-чынына келгенде эчким жазага тартылбай турганын айтты деп кеп салды.