Кыргыз улуттук агрардык университетинде Борбор Азиядагы алгачкы Суу музейи ачылды. Музей аталган окуу жайдын студенттеринин тажрыйбасын арттыруу үчүн кызмат кылуу менен бирге илимий музей болуп, шаардыктар жана коноктор табияттагы суунун айланышына байкоо салса болот.
Бишкекте Суу музейи ачылды

21
"Таза болсоң суудай бол, баарын жууп кетирген".

22
Серепчилердин айтымында, келечекте таза суунун баасы күйүүчү майдан 5-6 эсе кымбат болот.

23
Бул долбоорду ишке ашыруу үчүн 100 миң доллар сарпталды. Мындан тышкары 4 жылдан бери чакан гранттар бөлүнүп келген. Долбоорду ишке ашырууга төрт жыл сарпталып, декорациясы иштелип чыккан.