Нарын шаарынын тургуну Эркинбек Жусубалиев аары багып, бал челек тартканына 7 жылдан ашты. Учурда анын 32 бал челеги бар жана атайын платформага бал челектерин жайгаштырып, сезон маалында талаага барып, 2 ай бою бал тартат. Учурда Нарын шаарынын четинде жайгашкан Ак-Кыя аймагында бал тартууда.
Аары багуунун азабы

21
Аарылардын ачуусуна тийбеш керек. Алардан качып, же бир нерсе менен чаап чочутса адамды чаккандан кайра тартпайт.

22
Аары толук тамактаныш үчүн гүл өсүмдүгү көп өскөн талаага бал челектерди жайгаштыруу керек. Учурда чөп чабылгандыктан Нарындан Ат-Башыга аарыларын көчүрүүнү пландап жатканын айтат.