Нарын районундагы Алыш айыл аймагында жайгашкан "Үсөн бак" эс алуу жайы иштей баштаганына 4 жыл болду. Аны иштетип жаткан Турду Чолпонбаева жолдошу Исмаилов Үсөнбек менен бирге 20 жыл мурун эки гектар жерди сатып алышкан. Алгач таштак, чөп чыкпаган жер болгондуктан беш миңден ашык бак тигип, ал жерди жашылдандырышкан.
Туристтерди күткөн чоң боз үй

1
Диаметри 16 метрди түзгөн эң чоң боз үйдү курууга 1 млн сомго чукул каражат кеткен.

2
Чоң боз үйгө 150 киши батат. Тамагын кошкондо акысы ар бир кишиге күнүнө 400 сом.

3
Боз үйдүн ачылганына бир ай болгондуктан анын кызматын пайдалангандар эми гана келүүдө.

4

5

6
Мындан тышкары беш боз үй тигип, жергиликтүү элге жана чет жактан келген туристтерге ижарага беришет. Ижара акысы боз үйдүн көлөмүнө жараша 2000 сомдон 3000 сомго чейин.

7

8

9

10

11

12

13

14

15