Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:21
Украинанын Куралдуу Күчтөрүнүн 44-артиллериялык бригадасы. Запорожье. 20-август, 2025-жыл
Украинанын Куралдуу Күчтөрүнүн 44-артиллериялык бригадасы. Запорожье. 20-август, 2025-жыл

Еврокомиссия Орусиянын мунай, газынан тезирээк баш тартууну сунуштайт

Украинада согуш башталганына үч жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

00:52 16.3.2022

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги АКШнын президенти Жо Байденге, анын уулу Хантерге, АКШнын Мамлекеттик катчысы Энтони Блинкенге жана башка жогорку даражалуу америкалык аткаминерлерге каршы жекече санкцияларды жарыялады.

"Санкциялык тизмеге киргендерге Орусияга кирүүгө тыюу салынды", - деп жазылган министрликтин расмий сайтында.

Тизмеде АКШнын Мамлекеттик департаменттинин мурдагы башчысы Хиллари Клинтон, Байдендин басма сөз катчысы Жен Псаки, президенттин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан, Борбордук чалгындоо башкармалыгынын башчысы, (ЦРУ) Уильям Бернс бар.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги бул санкциялык чараларды “АКШнын азыркы администрациясынын өтө ашынган русофобиялык багытынын кесепети” деп билдирди.

Орусияга кирүүгө чектөөлөр Вашингтондун орусиялык жогорку кызмат адамдарына, мамлекеттик кызматкерлерге, олигархтарга жана президентке каршы санкцияларына жооп болуп саналат.

Февралдын аягында Вашингтон Владимир Путиндин, тышкы иштер жана коргоо министрлери Сергей Лавров менен Сергей Шойгунун жана Башкы штабдын башчысы Валерий Герасимовдун өлкөгө кирүүсүнө тыюу салып, алардын чет өлкөлөрдөгү активдерин камакка алынарын жарыялаган.

Мындан сырткары Орусиянын Украинага кол салуусуна уруксат бергени үчүн Мамлекеттик Дума менен Федералдык Кеңештин депутаттарына, өкмөт мүчөлөрүнө, министрликтер менен агенттиктердин жетекчилерине каршы жекече санкцияларды киргизген.

00:53 16.3.2022

Орусия "атайын аскердик операция" деген аталышта согуш баштагандан бери Украинадан 3 миллиондон ашык адам чыгып кеткенин Франциянын AFP маалымат агенттиги 15-мартта БУУнун Качкындар иштери боюнча Жогорку башкармалыгына шилтеме берип, маалымат таратты.

10:22 16.3.2022

АКШ президенти Жо Байден мурдараак АКШ Конгресси жана Сенаты кабыл алган Украинага 13.6 млрд доллар бөлүү чечимин бекитти. Каражат орусиялык аскерлердин бастырып киришине байланыштуу украиналыктарга гуманитардык жана аскердик жардам катары берилмекчи.

10:24 16.3.2022

Владимир Зеленский Чехия, Польша, жана Словениянын премьер-министрлери менен жолукту. Жолугушуу шейшембиде Киевдин администрациясында өттү.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG