Мариуполдогу ооруканага сөөк батпай калды
Украинанын түштүк-чыгышындагы орусиялык күчтөр курчоого алган Мариупол шаарынын ооруканасы бейтаптарга толуп калды. Шаардагы башка медициналык мекемелер Орусиянын чабуулунда талкаланган. Азыр ушул ооруканада элге жардам көрсөтүлүп жатат. Бул жерде тез жардам кызматы, төрөт бөлүмү жана өлүккана жайгашкан.
Эскертүү! Видеонун мазмуну көрүүчүлөрдө тынчсыздануу жаратышы мүмкүн.
Германиянын канцлери Шольц Путинди Украинага чабуулду токтотууга чакырды
Германиянын канцлери Олаф Шольц Орусиянын президенти Владимир Путин менен 18-мартта телефондон сүйлөшүп, дипломатиялык чечимдерди камсыздоо жана гуманитардык кризисти алдын алуу үчүн Москваны Украинага чабуулун токтотууга чакырды.
Шольцтун кеңсесинин билдирүүсүндө эки лидер “Украинада уланып жаткан согушту токтотуу жөнүндө” дээрлик бир саатча сүйлөштү. Телефондук байланыштын мындан башка деталдары айтылган жок.
Кремль өз билдирүүсүндө “орус тарап өз принциптеринин алкагында чечимдерин издөөгө даяр экендигин айтты” деп кабарлады. Орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков бул күнү Владимир Путин Франциянын президенти Эммануэл Макрон менен да телефондон сүйлөшүүсү мүмкүн экенин ырастады.
Орусия башынан Украинага өзү чектешкен аймактардан, Беларустун аймагынан жана Кара деңиз жактан чабуул койгон. Акыркы күндөрү Киев, Львов, Мариупол шаарларын аткылап жатат. Украин бийлиги Мариупол дээрлик тыптыйпыл болуп калганын билдирүүдө.
Балтика өлкөлөрү жана Болгария орусиялык дипломаттарды өз аймагынан чыгарат
Эстониянын Тышкы иштер министрлиги Орусиянын элчилигинин 3 кызматкерин чыгарганын кабарлады. Тиешелүү нотаны орус элчисине тапшырган Эстониянын өкүлү билдирүүсүндө, үчөө тең Эстониянын коопсуздугуна шек келтирген иш-аракеттерди жүргүзүп, "Орусиянын аскерий аракеттерин актаган пропаганданы тараткан" деп билдирди.
Эстон бийлиги бул чараларды кабыл алардан мурун Латвия жана Литва менен макулдашканы айтылды. Үч өлкөдөн жалпысынан 10 дипломат чыгарылат.
Орусиянын аскер жетекчилиги Украинага Армениядагы аскерин алып келгени жатат. Бул тууралуу маалыматты Украинанын куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы кабарлады. Мекеменин маалыматында Орусия айрым атайын бөлүктөрдүн жөңдөмүн калыбына келтирүүнү көздөп турат.
"Орусиянын айрым аскерлери согушка катышуудан баш тартууда. Түштүк аскердик бөлүктүн 20-аткычтар дивизиясынын 130 аскери буйрукту аткарган эмес", - деп жазылган Украинанын Башкы штабынын ыкчам маалыматында.