Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Август, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:46

Израилде согушка каршы митингдер өтүп жатат


Израилдин борбору Тель-Авивде чогулгандар ок атууну токтотуп, барымтадагыларды бошотуп алууну талап кылууда. 26-август, 2025-жыл.
Израилдин борбору Тель-Авивде чогулгандар ок атууну токтотуп, барымтадагыларды бошотуп алууну талап кылууда. 26-август, 2025-жыл.

Израилде 26-августта "Күрөш күнү" урааны алдында Газада ок атууну токтотуп, барымтадагыларды бошотуп алууну талап кылган жалпы улуттук митингдер өтүп жатат. Барымтадагылардын жакындары, аларды колдогондор чоң жолдорду бууп, дөңгөлөктөрдү өрттөштү. АКШнын Тель-Авивдеги элчилиги алдында чогулгандар Израилдин чоң желегин кармап алып, Газада ок атуу токтотулмайынча, барымтадагылардын коопсуздугу коркунучта экенин эскертишти.

2023-жылдын 7-октябрь күнкү кол салууда барымтага алынган Нимрод Коэндин атасы Йехуда Коэн кабарчыларга: "Израил калкынын 80%ынан көбү согуш токтотулуп, барымтадагылар бошотулушун каалайт. Бүткүл Израил азыркы азап-тозокту токтотууну талап кылып жатат", - деп билдирди.

Катар жана Египеттин ортомчулугу алдында ок атууну токтотуу боюнча сүйлөшүү баштоого Батышта террорчул деп табылган "Хамас" уюму макул болгонуна бир жумадай болуп калды. Израилдин премьер-министри Беньямин Нетаньяху сүйлөшүү болор-болбосун ачык айта элек.

Шерине

XS
SM
MD
LG