Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Август, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:44

Тажикстандык аял Орусияга адырашман алып киргени үчүн сегиз жылга кесилди


Орусияда адырашман курамында баңгизаттары бар өсүмдүктөрдүн тизмесине киргизилген.
Орусияда адырашман курамында баңгизаттары бар өсүмдүктөрдүн тизмесине киргизилген.

Тажикстандын жараны адырашман (гармала) алып киргени үчүн Орусияда соттолуп, сегиз жылга абакка кесилди.

Бул тууралуу тажик Башкы прокуратурасы билдирип, соттолгон аялдын аты-жөнүн, чечим качан, кайсы сот тарабынан чыгарылганын тактаган жок.

Мекеме тажик жарандарын Орусияга адырашман алып кирбөөгө чакырды.

2024-жылдын февралында Орусияда адырашман курамында баңгизаттары бар өсүмдүктөрдүн тизмесине киргизилген. Кыргызстандын Бажы кызматы бул тууралуу маалымат таратып, Орусиянын аймагында өсүмдүктү алып кирүүгө, сатууга, таратууга, колдонууга тыюу салынганын эскерткен.

Борбор Азияда, анын ичинде Кыргызстанда да бул өсүмдүк ысырык салуу, аластоодо колдонулат. Сасык тумоолоп калган учурда аны түтөтүп аластагандар бар.

Коронавирус пандемиясы күчөп турган кезде Түркмөнстандын ошол учурдагы президенти, Халк маслахатынын төрагасы Гурбангулы Бердимухаммедовдун вирусту жок кылуу үчүн адырашман менен аластоо керек деген кеңеши дүйнөлүк медиада катуу талкууга түшкөн.

Шерине

XS
SM
MD
LG