Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Август, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:27

Орусия Украинанын үч облусуна абадан сокку урду, Днепропетровскиде кармаштар уланууда


Донецк облусундагы Константиновка айылы Орусиянын аба соккуларынан кийин. 25-август, 2025-жыл.
Донецк облусундагы Константиновка айылы Орусиянын аба соккуларынан кийин. 25-август, 2025-жыл.

Украинанын Аба күчтөрүнүн командачылыгы 27-августка караган түнү Херсон, Полтава, Сумы облустарына орус армиясы 95 дрон учурганын, алардын 21и ар кайсы аймактарга кулаганын билдирди. Херсон облусунда шаршембидеги чабуулдардан үч киши каза болгону, он чакты киши жараат алганы такталды. Полтава облусунун бийликтери чабуулдан айрым өкмөттүк имараттар, энергетика сектору жабыркаганын билдиришти. Сумыда турак жай, жолдор талкаланып, бир нече киши жараат алды. Шейшембиде Донецк облусундагы шахтага тийген дүрмөттөн бир жумушчу каза болуп, үчөө ооруканага жеткирилген.

Украинанын армия жетекчилиги Донецк менен чектеш Днепропетровск облусунда да куралдуу кармаштар жүрүп жатканын ырастады. Айрым булактар эки айылды орус аскерлери ээлегенин жазган, азырынча расмий тараптар бул кабарды бышыктай элек.

Орусиянын мунай өңдүрүшүн бутага алган чабуулдардын натыйжасында айрым райондордо бензинди сатуу чектелип, баасы көтөрүлүп жатканы кабарланууда.

Шерине

XS
SM
MD
LG