Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Август, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:05

Даниянын премьери эскимос аялдардын стерилизациясы үчүн кечирим сурады


Даниянын премьер-министри Метте Фредериксен (оңдо) менен Гренландия өкмөтүнүн башчысы Йенс-Фредерик Нильсен.
Даниянын премьер-министри Метте Фредериксен (оңдо) менен Гренландия өкмөтүнүн башчысы Йенс-Фредерик Нильсен.

Даниянын премьер-министри Метте Фредериксен Гренландиядагы эскимос аялдардын арасында төрөттү чектөөнү көздөгөн 1960-жылдардагы мамлекеттик программа үчүн кечирим сурады.

«Биз болгон окуяны өзгөртө албайбыз. Бирок биз жоопкерчиликти мойнубузга ала алабыз», — деп айтылат 27-августта жарыяланган расмий билдирүүдө.

Фредериксен менен бирге Гренландия өкмөтүнүн башчысы Йенс-Фредерик Нильсен да кечирим сурады.

«Биз бул тарых көптөгөн гренландиялыктар жана алардын үй-бүлөлөрү үчүн кайгы-капанын булагы болгонун тааныйбыз», — деп айтты Нильсен.

Эскимос аялдарын стерилизациялоо программасы Гренландияда 1960-жылдары башталып, эң көп учурлар жетимишинчи жылдардын ортосуна чейин катталган. Аялдардын бир бөлүгү балалуу болуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратылганы тууралуу кабардар болгон эмес.

Программа иштей баштаган алгачкы беш жыл ичинде төрөт курагындагы аялдардын жарымы стерилизациядан өткөн. Айрым учурда мындай чараларга 12 жаштагы кыздар да туш болгон.

Бул программа Гренландияда даниялыктарды көбүрөөк отурукташтырууну, эскимос калкынын санын азайтууну максат кылган.

2022-жылы Дания өкмөтү бул программа боюнча иликтөө баштаган. Анын жыйынтыгы быйыл 1-сентябрга чейин чыгат деп белгиленген. Бул маселеге байланыштуу 143 аял мамлекетке каршы сотко кайрылып, болжол менен 6,7 миллион доллар өлчөмүндө компенсация талап кылышкан. Гренландиянын мурдагы премьер-министри Муте Боуруп Эгеде стерилизация программасын «геноцид» деп атаган.

Шерине

XS
SM
MD
LG