Президент Садыр Жапаров 16-сентябрда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевге катуу сөгүш берди. Бул тууралуу Президенттин администрациясы кабарлады.
Мамлекет башчы кол койгон тескеме менен жүктөлгөн эмгек милдеттерин талаптагыдай эмес аткаргандыгы, тагыраагы этика ченемдерин аткарбагандыгы үчүн Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевге катуу сөгүш берилген. Маалыматта сөгүш берүүгө мэрдин кайсы аракеттери негиз болгону көрсөтүлгөн эмес.
Өкмөттөгү айрым булактардын маалыматы боюнча, президенттин соңку чечимине мэр Токторбаевдин "Ош-сити" комплексине баргандагы жүрүм-туруму себеп болгон.
Өткөн апта соңунда “Ош-Сити” комплексинин иши менен таанышууга барган Токторбаев курулуш кечеңдеп жатканын айтып, ишти алып барган «Бизнес Хаус КЖ» компаниясынын жетекчилеринин сыртка чыгышын чектөөнү сунуштаган.
Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев быйыл январда Ош шаарынын мэри болуп дайындалган. Ал кызматка дайындалган күндөн тарта эле шаардын ар кайсы бөлүгүн жөө кыдырып, мыйзамсыз курулуштарды алуу, жолдорду кеңейтүү боюнча тапшырма берип келет.
Рейддердин жүрүшүндө мэр өзүнүн кол алдында иштеген кызматкерлер, мүлк ээлерин жана башка адамдарды кескин сындаганы менен да белгилүү. Айрым учурларда ал бирөөлөрдү сөккөнү же кемсинтенкени тартылган видеолор чыгып, талкууларды да жаратып турат. (ErN)
Шерине