Кытайлык TikTok социалдык түйүнү АКШда ишин уланта бермей болгонун 17-сентябрда Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп билдирди. Ак үйдө журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып ал:
"Биз TikTok боюнча мунасага жетиштик. Бизде TikTokту сатып алгысы келген бир топ ири компания бар", - деп айтты.
Вашингтон менен Бээжин ортосунда бул маселе боюнча сүйлөшүүлөрдүн соңкусу үч айдан узак убакыт уланды. TikTokко ээлик кылган кытайлык ByteDance концернинин тийиштүү акциялары эми америкалык компанияларга өткөрүлүп берилет.
Трамп ByteDance технологиялык компаниясына Кошмо Штаттардагы популярдуу TikTok тиркемесинин америкалык активдерин кытайлык эмес тарапка сатууга берген мөөнөттү жыл башынан бери бир нече жолу узартты. Эгер аталган компания өзүнүн бул тиркемесин сатпаса АКШдагы ишмердүүлүгүнө тыюу салынат деген мөөнөт быйыл январь айында эле берилген.
Былтыр АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын чечими менен кабыл алынган мыйзамга ылайык, ByteDance компаниясындагы америкалык үлүш өзүнчө чыгарылбаса бул социалдык түйүнгө АКШда таптакыр тыюу салууга мүмкүнчүлүк бар экени айтылып келген. Америкалык мыйзам чыгаруучулар Кытай өкмөтү бул тиркеме аркылуу америкалыктардын артынан тыңчылык кылып, өзүнүн жашыруун таасир этүүчү операцияларын ишке ашырышы мүмкүн деген кооптонуусун билдиришкен.
Конгресстеги эки палата тең көпчүлүк добуш менен колдогон мыйзамга ошол кездеги президент Жо Байден кол койгон. (RK)
Шерине