Орусияда түрмөдө каза болгон оппозиционер Алексей Навальныйдын жесири Юлия Навальная 17-сентябрда эки башка өлкөдөгү лабораториялар күйөөсү уулануудан кийин каза тапкан деген тыянак чыгарганын билдирди.
Навальнаянын айтымында, күйөөсү 2024-жылдын 16-февралында каза болгондо Харптагы түрмөдөн анын биологиялык материалдарынын үлгүсүн алып, аны ишеничтүү жолдор менен чет жакка жөнөтүүгө мүмкүн болду.
"Эки башка мамлекеттеги лабораториялар "Алексей киши колдуу болгон, тагыраагы ууландырылган" деген корутунду чыгарды", – деди ал Ютубдагы Алексей Навальный каналында шаршембиде жарыяланган видеосунда.
Юлия Навальная лабораториялардын аталышын жана кайсы мамлекетте жайгашканын так айткан жок, бирок аларды иликтөөнүн жыйынтыгы менен бөлүшүүгө чакырды.
Изилдөөнүн корутундусу "саясий максатта" жарыяланбай калышы мүмкүн экенин кыйытып, ошол эле маалда ага ким жолтоо болорун тактаган эмес.
Ал Навальныйдын өлүмү үчүн Орусиянын бийлигин айыптады:
"Менин күйөөм, Алексей Навальныйдын өлүмүнө Владимир Путин күнөөлүү деп так айтам. Мен Орусиянын атайын кызматтарын тыюу салынган химиялык жана биологиялык куралдарды иштеткени үчүн айыптайм", - Навальная бардык журналисттерди оппозиционер кандай зат менен ууланганы камтылган изилдөөнүн жыйынтыктарын жарыялоону талап кылууга чакырды.
Алексей Навальный Ямало-Ненец автоном аймагында, Харптагы шарты катаал түрмөдө 2024-жылдын 16-февралында 47 жашында каза тапкан. Анын сөөгү Москвадагы Борисов көрүстөнүндө жерге берилген.
Шерине