Шаршембиде Израилдин армиясы (ЦАХАЛ) Газа шаарынын тургундарына башка жерлерге чыгып кетүү көрсөтмөсүн берди. Эскертүү жазылган баракчаларды учактардан таштап жатышты. Анын алдыңкы күнү Израил анклавдагы эң ири шаарды алуу операциясын баштап, чабуулду барымтадагыларды бошотуу жана Газаны ХАМАС (АКШ жана Еврошаркетте террордук деп таанылган) радикал тобунун согушкерлеринен тазалоо максаты менен түшүндүргөн.
17-сентябрда ЦАХАЛ шаардан чыгып кетүү үчүн 48 саатка жаңы коридор ачып жатканын билдирди. Калаада тилкенин башка жерлеринен жан сактай качкан миңдеген палестиналык башкалкалап келатат.
Израилдин бийлиги карапайым тургундар арасындагы жоготууларды алдын алууга аракет көргөнүн айтканы менен күн сайын бомбаланган Газада бейкүнөө аялдар менен балдардын каза тапканы тууралуу кабарланып келет.
Шаршембиде анклавда кеминде 30 киши набыт болгонун, 19у Газа шаарында өлгөнүн жергиликтүү саламаттыкты сактоо мекемеси билдирди.
Бир катар өлкөлөр Тел-Авивдин шаарды алуу үчүн жер операциясын баштаганын сындашууда. 16-сентябрда Канаданын Тышкы иштер министрлиги аны: “Гуманитардык абалды ого бетер начарлаткан, барымтадагы кишилерди бошотуу ишин тобокелге кептеген опурталдуу кадам", - деп сыпаттады.
Мындан эки жыл мурун, 7-октябрда ХАМАСтын согушкерлери Израилге Газа тараптан чабуул койгондо 1200дөй адам өлтүрүлүп, 251 киши барымтага алынган. Андан бери 140 чактысы бошотулду. Ушу тапта жоочулардын туткунундагы 20 чакты киши тирүү деп болжолдонууда.
Израил тилкени радикал топтон тазалоо максатында согуш баштап, абадан, жерден сокку уруп келет. Газанын саламаттык сактоо мекемеси согуш башталганы 64 миңден ашуун киши каза тапканын өткөн жекшембиде маалымдады.
Шерине