Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:58

Былтыр Кыргызстанда абактарда жазасын өтөп жаткан 20 адам каза болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда 2024-жылы абактарда жазасын өтөп жаткан 20 адам каза болду. Анын ичинен бир киши өз жанын кыйган, калганы оорудан каза тапкан. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Нурлан Сарчаев Жогорку Кеңештин 18-сентябрдагы жыйынында айтты.

Парламенттин депутаты Мирлан Самыйкожо акыйкатчы Жамиля Жаманбаевага кайрылып, жабык жайлардагы мындай окуяларды тыкыр текшерүү керектигин айтты.

Кыргызстанда соттолгон же иши тергелип жаткан адамдар жабык жайларда каза болгон учурлар буга чейин да кездешкен.

Быйыл 14-апрелде бир эле күндө Чүйдүн Молдовановка айылындагы №27 жана Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Бай-Мундуз айылында жайгашкан №10 түрмөдө жазасын өтөп жаткан эки адам каза болгон. Алардын биринин жакындары маркум абакта сабалганын айтып, арызданышкан. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG