Алматы облусунун Матыбулак аймагындагы аскер бөлүгүндө 19 жаштагы жоокер Динмухамед Шынарбек каза болду. Расмий маалыматта жоокер өз жанын кыйганы айтылган.
Маркумдун эжеси Енлик Калтаеванын айтымында, анын иниси Даниял Шынарбек 2024-жылдын күзүндө аскерге кеткен. Ал эми анын эгиз бир тууганы Динмухамед Шынарбек ошол эле жылы жазында аскерге чакырылган.
«Алар бирге кызмат өтөп жатышкан, бирок аскердик ант бергенден кийин Динмухамедди Матыбулактагы 01098-аскер бөлүгүнө которуп жиберишкен. Эгиздерди ажыратпайбыз дешкенине карабай, аны бир тууганынан бөлүп коюшту. Ошол жакта трагедия болду. Бүгүн Динмухамед өз жанын кыйганы тууралуу кабарлашты», — деп 17-сентябрда Инстаграмда жазды Енлик Калтаева.
Маркумдун туугандары аскердин өз жанын кыйганына ишене албай турганын билдиришти. Алар президент Касым-Жомарт Токаевге кайрылып, бул ишти жеке көзөмөлүнө алуусун өтүнүштү.
«Эмне үчүн жаш балдар тынч мезгилде эле кырылып жатат? Бизге чындык жана адилеттик керек», — деп жазды Енлик Калтаева.
«Орда» сайтында жарыяланган расмий маалыматта: «17-сентябрда гвардиялык гарнизондогу аскер бөлүктөрүнүн биринде оперативдик кызмат өтөгөн жоокер өз жанын кыйды. Кылмыш иши козголду. Окуянын жагдайларын иликтөө иши башталды», -деп айтылат.
Расмий маалыматка караганда, Казакстандын армиясында соңку үч жылда 270 жоокер каза болгон. 86сы өз жанын өзү кыйганы маалымдалган. Алардын жакындары жоокерлердин өлүмүнө аскер жетекчилигин айыптап келишет.
Коңшу өлкөнүн Коргоо министрлигинин маалыматына караганда, каза болгон жоокерлердин өлүмүнө оору, жол кырсыгы же суицид себеп болгон. (AiA)
Шерине