Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:20

Орусия мигранттарды патент системасынан вахта ыкмасына өткөрүүнү караштырууда


Орусиядагы эмгек мигранттары. Иллюстрация
Орусиядагы эмгек мигранттары. Иллюстрация

Орусиянын "Справедливая Россия – За правду" партиясынын төрагасы Сергей Миронов патент системасы токтоп, мигранттар эми "вахта ыкмасы" менен иштешерин билдирди. Бул тууралуу саясатчы Мамлекеттик Думадагы фракциялардын жетекчилери президент Владимир Путин менен жолуккандан кийин айтты. Миронов тиешелүү мыйзамды парламент күзгү сессиясында кабыл алат деп үмүттөнөрүн кошумчалады.

Буга чейин мигранттарды вахта же келип-кетип иштөө тартибине өткөрүү зарылдыгын Орусиянын экономикалык өнүгүү министри Максим Решетников сөз кылган. Анын пикиринде, жумушчу күчтү тартуу механизми өзгөртүлүүгө тийиш. Министр мигранттар Орусияга келип, акча таап, кайра кетип турушу керек деп айткан. Бул – чет өлкөлүк жумушчуларга үй-бүлөсүн Орусияга алып келүүгө жана балдарын ал жакта окутууга уруксат берилбейт дегенге жатат.

Азырынча жаңы мыйзам долбоору жарыялана элек. «Вахта ыкмасы» конкреттүү ишканаларда киргизилеби же жокпу жана Орусияда туруктуу жашоо уруксаты бар мигранттар эмне болору белгисиз.

Орусиядагы эмгек мигранттары үчүн патент системасы 2010-жылы киргизилген. Анын негизинде чет жактан келгендер кайсы бир компанияга байланбастан, жумушту өздөрү таба алат.

Эксперттер патенттен баш тартуу массалык депортацияга алып келет деп болжолдошот. Орусияда мигранттарга каршы саясат барган сайын катаалдашып, алардын укуктарын жана иштөө мүмкүнчүлүктөрүн чектеген улам бир мыйзам кабыл алынып келет.


Шерине

XS
SM
MD
LG