Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:31

БУУнун атайын баяндамачысы Карасартованын шарттуу соттолгонуна тынчсыздануу билдирди


Рита Карасартова. Бишкек. 19-сентябрь, 2024-жыл
Рита Карасартова. Бишкек. 19-сентябрь, 2024-жыл

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) укук коргоочулардын абалы боюнча атайын баяндамачысы Мэри Лоулор кыргызстандык укук коргоочу Рита Карасартованын шарттуу түрдө соттолгонуна тынчсыздануусун билдирди. Ал бул тууралуу соттун өкүмү чыккандан кийин өзүнүн Фейсбук баракчасына жазды.

“Ал шарттуу түрдө кесилип, айып пул салынганы менен мен анын адам укуктары жаатындагы иши үчүн кылмышкер болуп калышына олуттуу тынчсызданам”, - деген ал.

18-сентябрда Бишкектин Свердлов райондук сотунун судьясы укук коргоочу Рита Карасартованын иши боюнча өкүм чыгарган. Судья Карасартованы ага коюлган айып боюнча күнөөлүү деп таап, “Массалык башаламандыктар” беренеси менен беш жылга пробациялык мөөнөт белгилеп, ал эми “Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар” беренеси боюнча 50 миң сом айып пул салуу чечимин чыгарган.

Адвокат Жаныш Бараков соттун чечимине макул эместигин жана жакын арада апелляциялык арыз жазыларын айтты.

Буга чейин прокурор укук коргоочуну 10 жылга абакка кесүүнү суранган.

Укук коргоочу 14-апрелде кармалып, үйү тинтүүгө алынган. Ошондон бери Бишкектеги №1 тергөө абагында камакта болчу. Карасартова өзүнүн кармалышын жарандык активист Тилекмат Кудайберген уулуна (Куренов) таандык делген катты социалдык тармактагы баракчасына жарыялаганы менен байланыштырат.

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы кылмыш ишине “жашыруун” деген гриф койгондуктан сот жараяндары жабык өтүп келген.

Укук коргоочунун кармалышына байланыштуу бир катар эл аралык укук коргоо уюмдары тынчсызданып, кыргыз бийлигин аны бошотууга чакырып келишкен.

Рита Карасартова буга чейин Кемпир-Абад ишине байланыштуу да камакка алынган. Бирок ал иш боюнча бир нече саясатчы менен кошо Бишкектин Биринчи май райондук сотунда акталып, эркиндикке чыккан. (КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG