Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:37

Стубб: Орусиянын тынчтык сүйлөшүүлөргө каалоосу жок


Александр Стубб
Александр Стубб

Финляндиянын президенти Александр Стубб британиялык Guardian гезитине берген маегинде "каалоочулар коалициясы" талкуулап жаткан Украинанын коопсуздук кепилдиктери тууралуу айтып берди.

Анда согуш токтогон учурда Орусия Украинага кайра кол салса, Европа мамлекеттери Москвага каршы турууга даяр экени камтыларын билдирди.

Стубб маегинде Украинанын коопсуздук кепилдиктери Киев жана анын Батыштагы өнөктөштөрүнүн ортосундагы макулдашуунун предмети болушу керектигин айтты. Анын пикиринде, Орусия кепилдиктерди түзөтүүгө шарт койгонго акысы жок.

Финляндия башчысы азыр Москванын тынчтык сүйлөшүүлөргө отурууга каалоосу жоктугун кошумчалады.

Орус президенти Владимир Путиндин максаты, көз карашы тууралуу Александр Стубб: "Мүмкүн ал жаңы тарыхта эң чоң стратегиялык ката кетирди. Өзүнүн бардык стратегиялык максаттары кыйрады. Анын сүйлөшүүлөргө качан келери суроо жаратат, бул кеч эмес, эрте болот деп үмүттөнөм. Бирок азыр мен бир топ пессимисттик маанайдамын", -деди Стубб.

Шерине

XS
SM
MD
LG