Франция Палестинаны эгемен мамлекет катары тааный турганын жарыялады. Бул тууралуу өлкө президенти Эммануэл Макрон 22-сентябрда Сауд Арабия менен Жакынкы Чыгыштагы жаңжалды, анын ичинде Израил менен Палестинадагы абалды жөнгө салууга багытталган саммитте билдирди. Саммит БУУнун Нью-Йорктогу штаб-үйүндө өтүп жатат. Франциянын Палестина мамлекетин тааный турганы буга чейин эле белгилүү болгон. Макрон бир нече ай мурда эле ушундай ниетин билдирген. Ал БУУнун трибунасында мындай чечим тынчтыкка жол ачышы керектигин кайталады.
Бир күн мурда Улуу Британия, Канада, Португалия жана Австралия Палестинаны эгемен мамлекет катары тааный турганын жарыялаган. Мальта, Андорра, Бельгия, Люксембург жана Сан-Марино дагы ушундай чечим кабыл алганын жарыялайт.
Израил АКШ менен Европада террордук деп табылган ХАМАС тобу 2023-жылы 7-октябрда барымтага алган ондогон израилдиктер дагы эле бошотула электигин белгилеп, мындай чечимди кескин сынга алып, "террорго багынып берүү" деп атаган. Премьер-министр Биньямин Нетаньяху жекшемби күнү эл аралык деңгээлде Палестинаны мамлекет катары таанууга каршы күрөшөрүн билдирди. Азырынча Америка Кошмо Штаттары дагы каршы болууда.
Вашингтон Палестина аймагынын мамлекеттүүлүк маселеси израил-палестин сүйлөшүүлөрү аркылуу чечилиши керек деп эсептейт. Германия менен Италия дагы Палестина мамлекетин таануу чакырыктарын колдогон жок.
БУУнун резолюциясына ылайык, мурда Англиянын мандаты астында болгон Палестинанын аймагында эки мамлекет, жөөттөрдүн мамлекети (Израил) жана араб мамлекети түзүлүшү керек эле. Израил 1948-жылы көз карандысыздыгын жарыялаган, бирок араб мамлекети (Палестина) түзүлгөн эмес. 1967-жылдан кийин Израил Иордан дарыясынын батыш жээгин жана Газа тилкесин өз көзөмөлүнө алган. Натыйжада Палестин улуттук администрациясы түзүлүп, ал Батыш жээктин бир бөлүгүн гана көзөмөлдөйт. Газа тилкеси 2007-жылдан бери АКШ жана Европа биримдигинде террордук деп таанылган ХАМАСтын көзөмөлүндө.
Палестин автономиясынын башчысы Махмуд Аббас Нью-Йорктогу конференцияга видеобайланыш аркылуу чыгып, ХАМАСтын 2023-жылы 7-октябрдагы чабуулун айыптап, куралды автономия бийлигине өткөрүп берүүгө чакырды.
Дагы караңыз
Шерине