Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Октябрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:21

"Оорукчан болумуш этип...". Психиатриялык оорукана кылмышкерлер очогуна айланганбы?


ИИМ жарыялаган сүрөт.
ИИМ жарыялаган сүрөт.

Кыргызстанда психиатриялык ооруканада жатып кылмыштуу топ түзгөн деп 40 жаштагы киши камакка алынды. Милициянын маалыматында, жети жыл мурун укук коргоо органынын мурдагы кызматкерин өлтүргөн деп айыпталган жаран жазадан качуу үчүн “акыл-эсинен айныган” деген жасалма аныктама алган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) атайын медициналык мекемеде өзүн кримдүйнөнүн өкүлү атап, тегерегине криминалдык идеологияны кармангандарды топтоп, кылмыштуу иштерге барган 40 жаштагы кишини камакка алды.

“2018-жылы А.Б. аттуу жаран мурдагы укук коргоо органынын кызматкерине бир нече жолу бычак сайып өлтүргөн. Маалыматтарга караганда, жеке байланыштарды жана коррупциялык схемаларды колдонуу менен психиатриялык экспертизанын жалган корутундулары алынган, андан кийин сот аны акыл-эси жайында эмес деп таап, мажбурлап дарылоого жиберген. Адистештирилген психиатриялык мекемеде жүргөндө А.Б. укукка каршы ишмердүүлүгүн токтоткон эмес, тескерисинче, өзүнүн таасир чөйрөсүн кеңейткен. Ал “смотрящий” катары адамдарды дайындап, бейтаптарды жана соттолгондорду криминалдык түшүнүктөр боюнча көзөмөлдөп, мекеменин ичинде жана сыртында анын статусун бекемдөө үчүн колдонулган “общак” үчүн акча чогултууну уланткан”.

ИИМ тараткан сүрөт
ИИМ тараткан сүрөт

Тергөөдө шектүү кылмыштуу жол менен алынган каражатка үйлөрдү, жер тилкелерин жана 100дөн ашык бодо мал сатып алганы аныкталган.

Мунун алдында эле психиатриялык ооруканада Бишкек шаарынын тургунун 1 миллион 13 миң сомго алдап кеткендер кармалганы белгилүү болгон. Алар өздөрүн Улуттук коопсуздук комитетинин жана милициянын кызматкери катары тааныштырып, сим-бокс деп аталган атайын жабдыктарды колдонушкан. Аталган жабдык Жалал-Абад облусундагы Кызыл-Жар айылындагы психиатриялык мекемеден табылган.

Бишкек шаардык милициясынын маалыматында, шектүү катары кармалган 33 жаштагы жаран бул ооруканада жазасын өтөп жүргөн. Ал ошол жактан бир нече номурдан телефон чалып, ишенимге кирип, терминал аркылуу белгисиз эсептерге миллиондон ашык каражатты котортуп алган.

Тинтүү учурунда табылган байланыш каражаттары
Тинтүү учурунда табылган байланыш каражаттары

"Шектүү өз көрсөтмөсүндө сим карталарды ооруканага жашыруун жол менен алып кирип, Telegram мессенжери аркылуу белгисиз адам менен алдамчылык иштерин жүргүзгөнүн билдирген. Бул факт боюнча Тергөө кызматы Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси менен кылмыш ишин козгоду. Тинтүүдө 80 даана уюлдук телефон, 72 сим карта, бир нече банк карталары, казино фишкалары салынган чемодан, баңгизаттар табылган. Тинтүү учурунда бейтаптардын оорукана аймагынан тышкаркы жерлерде жүргөн сүрөттөрү табылган", - деп айтылды Бишкек шаарынын Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын маалыматында.

Борбор калаа милициясы шектүү буга чейин ушул сыяктуу кылмыштары үчүн Октябрь райондук сотунун чечими менен мажбурлоо түрүндө дарыланып, жаза мөөнөтүн өтөп жатканын билдирди. Дарылоо мекемесинде сот коомчулук үчүн кооптуу деп тапкан бейтаптарды кармоо эрежеси бузулганын белгиледи.

Акыйкатчы институтунун Адамдын ден соолугуна болгон укуктарынын сакталышына көзөмөл жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы Салтанат Касымбекованын айтымында, июль айында аталган ооруканада мониторинг жүргүзүлгөн.

"Ал адам 2-бөлүмдө жаткан. Соттун чечими менен мажбурлап дарыланууга жиберилген бейтап. Кылмыш иши боюнча жазасын өтөп жаткан жаран. Бул бейтаптар кадимкидей эле дарыларын ичип, ак халатчандардын көзөмөлүндө болушат. Кармалгандар оорукчан бейтаптар да. Биз быйыл июль айында барганбыз, акыркы статистикабыз боюнча бул оорукана 305 орундуу. Биз барганда 265 бейтап болчу. Алардын 93ү кайтаруу режиминдеги мажбурлап дарылоо менен жаткан бейтап болгон", - деди Салтанат Касымбекова.

Кызыл-Жар айылындагы психиатриялык мекемеде соттук териштирүү жүрүп, психикалык абалы текшерүүдөн өтүп жаткан шектүүлөр жана сот чечими менен мажбурлап дарыланууга жиберилген соттолуучулар кармалат.

Аталган оорукананын бейтаптары кылмыш кылган бул жалгыз окуя эмес. 2014-жылы февралда мажбурлап дарылоо бөлүмүндө жаткан Заур Магомедов аттуу бейтап түнү качып кетип, Балыкчыда эки милиция кызматкерин атып, из жашырып кеткени маалым болгон. Бир нече күндөн кийин Токтогул шаарында колго түшүрүү боюнча милициянын операциясы маалында ал атып өлтүрүлгөн. Бул үрөй учурган окуя ошол кезде парламентке чейин жетип, талкууланган.

Медицина тармагы боюнча эксперт Бермет Барыктабасова ошондон кийин психиатриялык ооруканага күзөтчү алууга каражатты араңдан зорго бөлдүрүүгө мүмкүн болгонун айтып берди:

Бермет Барыктабасова
Бермет Барыктабасова

"Биз маселени көтөрүп, кызматтык каттарды жазып, Акыйкатчы институту психиатриялык стационарлар боюнча отчет беришкен, Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор дагы Кызыл-Жар, ал жактагы бейтаптарды кармоо шарттары боюнча изилдөөлөрдү жасап, отчет беришкен. Бардык жерде дарыгерлер кароолчу керек, бейтаптарды диагнозуна жараша бөлүп кармаш керек, кооптууларын бул жакка, жакшы көзөмөлдөнө турчу жайга которуш керек деп айтып келишкен. Кийин ак халатчандар, Саламаттык сактоо министрлиги ар кайсы эшикти каккылап жүрүп күзөтчү койдуртушкан. Ооруканадан качып кеткен учурлар азая түшкөндөй болгон".

Мурунку ички иштер министри Өмүрбек Суваналиев психикалык жактан жабыркаган делген шектүүлөрдү текшере турчу мекеме, анын жетекчилиги, кызматкерлери кошо тергелиши керек экенин, аталган психиатриялык оорукана чоң реформага муктаж болуп жатканын белгиледи:

Өмүрбек Суваналиев
Өмүрбек Суваналиев

"Биринчиден, бул чоң коррупциялык элемент да. Анткени кылмыш жасаган киши оорукчан болдум деп догдурлар менен сүйлөшүп алып, психика жагынан жабыркайт деген өзүнө диагноз чыгарып алып, психдиспансерге барган да. Соо кишини ошол жакка жөнөткөн дарыгерлерди жоопко тартыш керек. Анткени алар менен чогуу кылмышка барган да. Бул акча менен чечилген маселе. Негизи бул системаны дагы чоң реформа кылыш керек. Санариптештирип, камераларга видео көзөмөл коюлушу шарт. Негизи шектүү ооруканага соттун чечими менен жөнөтүлөт. Ал жактан дарыгерлер кеңешип, адамдын диагнозун аныкташат. Ошону үчүн баарын чогуу реформа кылып, текшербесе, аягына чейин чыкпайт да".

Акыйкатчы институтунун бөлүм башчысы Салтанат Касымбекова адатта оор кылмыш үчүн жазасын өтөп жаткандар күзөтчүнүн көзөмөлүндө болорун, айрым бейтаптар мекемеде жатып шылуундук кылганы боюнча тергөө жүрүп жаткандыктан башка комментарий бере албастыгын билдирди:

"Эми, адатта, 2-3төн күзөтчү турат да. Ал жерде кадимкидей эле темир менен тосулган камералар. Ал бөлүм дайыма жабык турат. Күзөтчүлөр бейтаптарды сейилдөөгө атайын бөлүнгөн жерлерге атайын режим менен гана чыгарышат".

Медицина тармагы боюнча эксперт Бермет Барыктабасова убагында психиатриялык мекемелер тиешелүү деңгээлде кайтарылбай, ооруканалар диагноздун артына жашынган криминалдык чөйрөнүн очогуна айланган эле дейт:

"Медициналык стационарлардын көйгөйү – мекемени кайтарууга көпкө чейин акча бөлбөй келишкен. Аларды Жаза аткаруу кызматы же Ички иштер министрлиги кайтарбай, көбүнесе медайымдар өзүлөрү кайтарчу. Алар эмне кыла алмак эле? Ошон үчүн ал жакта кайсы бир диагноздун аркасына жашынган криминалдык чөйрө өтө өнүккөн. Алар медициналык кызматкерлердин башын чаташтырыш үчүн оорукчандай көрүнүүнү үйрөнүп, өздөштүрүп алышкан. Ансыз деле ал жакта иштеген ак халатчандар ар кандай коркутуулар же башка факторлордун айынан айрым диагноздорду кое беришкен".

Республикалык психиатрия жана наркология борборунун маалыматы боюнча, учурда өлкөдө психикалык жактан жабыркаган 51 207 адам каттоодо турат. Психиатриялык стационардык жардам көрсөткөн беш мекеме бар. Анын экөө: Кызыл-Жар жана Чым-Коргон психиатриялык ооруканалар - сот психикалык оорулуу деп табылган кылмышка шектүүлөр жаткырылган мекемелер.

  • 16x9 Image

    Наргиза Асекова

    Наргиза Асекова “Азаттыктын” Бишкектеги кеңсесинин журналисти. Кыргыз-Орус Славян университетинде журналистика адистигине ээ болгон.

Шерине

XS
SM
MD
LG