АКШнын дипломаттарынын билдирүүсүнө караганда, Украинадагы согушка Орусиянын армиясынын катарында 5 миңге чейин кубалык жарандар согушууда, ал эми Кубанын бийлиги Орусиянын басып кирүүсүн ачык колдоп жатат.
Кошмо Штаттардын дипломаттары башка өлкөлөрдүн өкүлдөрүн Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы ассамблеясында АКШны Кубага карата ондогон жылдардан бери колдонулуп келген соода эмбаргосун алып салууга чакырган резолюцияны колдобоого ынандырууга аракет кылышууда.
Добуш берүү шаршемби күнү өтөрү күтүлүүдө.
Reuters агенттиги АКШнын Мамлекеттик департаментинин ондогон өлкөлөрдөгү элчиликтерине жөнөткөн билдирүүсүнө таянып, Кубанын Украинадагы согушка колдоо көрсөтүп жатканы Вашингтондун резолюцияга каршы негизги жүйөлөрүнүн бири болуп жатканын кабарлады.
"Түндүк Кореядан кийин Куба - Орусиянын агрессиясына эң көп жоокер жөнөткөн өлкө болуп саналат”, - деп айтылат документте.
Түндүк Корея Кубадан айырмаланып, өзүнүн аскерлерин расмий түрдө жөнөткөн жана алар Курск облусундагы согуш аракеттерине катышкан. АКШнын Мамлекеттик департаментинин өкүлүнүн айтымында, Кубанын жагдайында сөз жалданма жоокерлер жөнүндө болууда.
Reuters агенттигинин маалыматында, акыркы апталарда Украина тарап Кубадан келген жалданма жоокерлердин саны көбөйүп жатканын билдирген.
Украинанын Коргоо министрлигинин башкы чалгындоо башкармалыгынын басма сөз катчысы Андрей Юсов Кубадан келген жалданма жоокерлердин саны 20 миңге чейин жетиши мүмкүн экенин, алардын ичинен 39 адамдын согушта өлгөнү ырасталганын айткан.
АКШнын Мамлекеттик департаментинин өкүлү “Кубанын режими өз жарандарынын Орусия менен Украинанын ортосундагы согушта оюнчуга айланып кетишинен коргой алган жок”, - деп билдирген.
Орусиянын расмий бийлиги кубалык жарандардын согушка катышуусу боюнча маалыматтарга түшүндүрмө берген жок.
БУУнун Башкы ассамблеясында Кубага каршы эмбаргону алып салууга чакырган резолюциялар 1992-жылдан бери дээрлик жыл сайын кабыл алынып келет. Бул резолюциялар милдеттүү түрдө аткарылышы шарт эмес.
Өткөн жылы добуш берүүдө 187 өлкө колдосо, АКШ жана Израил гана каршы добуш берген.
Дональд Трамп 2017-жылы президенттик кызматка келгенден кийин Вашингтондун бийликте Орусияга жакын коммунисттер турган Гаванага саясаты мурдагыдан да катаалдашкан.
Мындан тышкары Куба кайрадан “терроризмди колдогон мамлекеттердин тизмесине” киргизилген.
Шерине