Орусиянын президенти Владимир Путин «Азербайжан аба жолдору» компаниясынын учагы кабылган кырсык үчүн Москва жооптуу экенин моюнга алды.
9-октябрда Душанбеде Азербайжан лидери Илхам Алиев менен кездешкенде Путин украиналык дрондор Орусиянын аба мейкиндигин бузганда, эки ракета жүргүнчү ташыган Embraer-190 учагынын жанында жарылганын айтып, жабыркагандарга кенемте төлөнөрүн убада кылды. Путин кырсыктын себеби тууралуу эки күн мурун кабардар болгонун кошумчалады.
Былтыр 25-декабрда Бакудан Грозныйга бет алган учак чечен баш калаасына коно албай, деңиздин аркы жээгиндеги Актауга баратып, шаардын жанында кулаган. Борттогу 67 адамдан 38и каза тапкан. Жарадар болгондордун арасында кыргызстандык үч киши бар болчу.
Азербайжандын президенти Илхам Алиев учак Орусиянын аймагында аткылоого кабылганын билдирген.
Орусиянын бийлиги кырсыктын себептери жана өздөрүнүн жоопкерчилиги тууралуу расмий билдирүү жасаган эмес. Президент Владимир Путин кырсык орус аба мейкиндигинде болгону үчүн Алиевден кечирим сураган.
Азери президенти менен жолугушууда Путин “окуяга объективдүү баа берүү жана анын чыныгы себебин аныктоо биздин милдетибиз”, - деп белгиледи.
Москва кырсыкка себепчи болгонун моюнга албай койгон соң Баку менен мамилеси кескин начарлаган.
Шерине