Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Октябрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:26

"Тарых башкалардын басымы менен жазылбашы керек"


Байыркы балбалдар. Бурана шаар чалдыбары (мурдагы Баласагын шаарынын орду). 2011-жыл.
Байыркы балбалдар. Бурана шаар чалдыбары (мурдагы Баласагын шаарынын орду). 2011-жыл.

Кыргызстандын мектептери үчүн тарых китеби кандай жазылат? Жаш муунга тарыхты кантип окутуп жатабыз? Тарыхты окутууда идеологиялык басым жокпу?

Бул суроолорду тарых илимдеринин доктору Тынчтыкбек Чоротегин, Кыргыз билим берүү академиясынын доценти Мурат Иманкулов менен талкууладык.

- Өткөн апталарда орусиялык жеке менчик телеканалдардын биринде Кыргызстандагы орус тилдүү мектептер үчүн чыккан кыргыз тарыхы боюнча окуу китебине, анан окуу китептеринин авторлору болгон сиздердин дарекке айтылган сын боюнча социалдык тармактарда талкуу жүрдү. Кыргызстандык интернет колдонуучулар арасында "тарыхты жазууга башкалар эмнеге кийлигишет?" деп суроо салгандар болуп жатат. Биздин талкууга ушул маселе маалыматтык шылтоо болуп турат. Тынчтык агай, сиз дагы өзүңүздүн жообуңузду жазып, ал кабарды бөлүшкөн экенсиз.

Тынчтыкбек Чоротегин: Кайдыгер калбаганыбыз дурус. Чын эле коомчулукта кызуу талкуу жаратты. Ал макалада Кыргызстан эле эмес, башка өлкөлөрдү дагы кошуп кетиптир. “Буларга тарых китебин биз жазып бербесек болбой калды” деген негизги ой жатат. Биздин ысымдарыбызды атаганы жөн эле шылтоо.

Түпкүрдө “тарыхты биз жазып бербесек, булар өз билгениндей жазып жатат” дегендей империячыл көз караш жатат. Окуу китептери Билим берүү министрлигинин алдындагы академиянын атайын программасына ылайык жазылат. Мындайча айтканда, бир кишинин пикири эмес, жамааттык педагогикалык ой деп айтышыбыз керек. Эч кандай филантроптор эмес, кыргыз өкмөтү каржылап чыгарган окуу китептер. Демек, бул тарых илимине болгон кыргыз бийлигинин көз карашы. Ал кандай жазылды? Совет доорундагы кемчиликтерден арылып, эгемендик идеясын жогору коюп, кыргыздын мурасы, тарыхы байыртан келе жатканын тарыхый фактылар менен баса белгилеп, өзүбүздүн жалпы тарыхчы-педагогдор уят болбогондой окуу китептери сунушталып жатат.

Мурат Иманкулов: Кыргыз билим берүү академиясынын негизги функциясы - ал мектептердеги билим берүү системасындагы нормативдик документтерди, актыларды, программаларды иштеп чыгат. Анан ошол программалар негизинде окуу китептери жазылат.

1992-1993-жылдары алгачкы жолу эгемен Кыргызстандын программаларын түзүп, окуу китептерин чыгара баштадык.

Мунун алдында 1989-жылы Тынчтыкбек Чоротегин, Адыл Кожобаевдер алгачкы программаны түзгөн (7-8-9-класстар үчүн). Советтик доордо Кыргызстандын тарыхы СССР тарыхынын ичинде окутулат деп, бирок сааты көрсөтүлгөн эмес. Окуу китеби жок болгондуктан окутулган деле эмес. Эгемендик алгандан кийин СССР тарыхынын ордуна Кыргызстан тарыхы жана дүйнө тарыхы деп окутула баштады.

- Жогоруда орусиялык каналдагы материалда “оторчулук доор”, “басмачылык кыймыл – улуттук боштондук кыймылы болгон” деген тарыхый бааны айыптаганын көрөбүз. Эгемендик алгандан кийин постсоветтик өлкөлөрдө бүт эле СССР доорундагы тарыхты кайра карап чыгышты. Учурда Борбор Азиянын башка өлкөлөрүндө тарыхты изилдөө, окутуу боюнча жагдай кандай?

Тынчтыкбек Чоротегин: Ушу тапта Анжиян мамлекеттик университетинин Диссертациялык кеңешинин мүчөсүмүн. Абдан көп жаңычыл илимий иштер жазылып жатат. Ал жакты дагы, Казакстанды дагы жакшы билебиз. Биз алар менен теңата бир нерсени көтөрүп жатабыз – таптык көз караш деген методологиялык талап катары алынып салды. Мунун артында эмне турат? Биздин бардык тарыхый инсандарыбыз чыныгы салымдары менен чагылдырылууда. Таптык көз караштан карап, көп кишилер “кара тизмеге” кирип, айтылбай калчу. Маселен, ошолордун бири падышалык доордо эле кыргыз тилинде эки китебин чыгарган Осмонаалы Сыдык уулу деген тарыхчы. Анын эмгеги 1913-1914-жылдары Уфа шаарында басылган.

Подкастты толугу менен бул жерден көрүңүз:

Оторчулук доорго чейин эле кыргыздын тарыхы бар экенин көрсөткөн чыгаан инсандарыбыз болгон. Аларды “кара тизмеге” алып, айтпай келчүбүз. Себеби совет өкмөтү 1930-жылдын башында Осмонаалы Сыдык уулун айыптап, аны Ташкентке өлүм жазасына тартканы баратканда качып кетет. Андан ары Улуу-Чаттан айтылуу Жаныбек казыга кезигип, анын жардамы менен Текеске ашып кетет. Аман-эсен Кытайда 1942-жылга чейин жашап, көз жумган.

Аны менен замандаш эле жашап өткөн Эшенаалы Арабай уулу деген мыкты айдыңыбыз болгон. Падышалык доордо эле 1911-жылы башкырлардын Уфа шаарында Эшенаалы Арабай уулу өзүнүн казак шериги Хафиз Сарсекеев менен биргелешип “Алип бе жаки төте оку” (“Алип бээ, башкача айтканда, ыкчам окуу”) деген окуу куралын арап арибинде кыргыз жана казак тилдерине орток кылып жарыялашкан. Молдо Кылычтын казалдарын чыгарган. Булар большевиктик төңкөрүшкө чейин эле китептердин жазылганын далилдеген мисалдар. Ал эми биздин окуу китептерде “Ленин бизге жазма берген” деп жазышчу. Ушулардын баарын жокко чыгарган жаңыча түшүнүк постсоветтик учурда тамыр жайды. Совет доорунда 1970-жылдары дагы академик Бегимаалы Жамгырчинов жазган “Кыргыз ССР тарыхы” деген окуу китеп бар болчу. Бирок ал факультативдик окуу каражаты катары гана орто мектептерге сунушталчу. Биздеги орус тилдүү көп мектептерде аны бойкот кылышкан. Кыргыз тарыхы ата мекен тарыхы катары эгемендик жылдардан кийин милдеттүү түрдө киргизилди.

- Мурат агай, окуу китептерин сиздер түзүп жатпайсыздарбы. Ошондо кайсыл тилде окутулганына карабай эле программа бирдей түзүлөбү?

Мурат Иманкулов: Программа бирдей эле түзүлөт. Азыр бизде төрт тилде окутулат мектептерде. Көпчүлүгү кыргыз тилдүү, анан өзбек, орус, тажик тилдеринде окуткан дагы мектептер бар. Программанын негизги өзөгү кыргыз тилинде иштелип чыккан. Азыр биз 12 жылдык билим берүүгө өтүп жатпайбызбы. Ошондо тарыхый билим берүүнүн мазмуну, структурасы өзгөрдү. Биз мурда фармациялык мамиле деген совет мезгилиндеги салтуу окутуу менен келгенбиз.

- Феодалдык, капиталисттик доор деп окуганбыз да...

Мурат Иманкулов: Ооба, капиталисттик доор, социалисттик доор деп бөлүнгөн. Ошого ылайык тарых китептеринин аталыштары болгон. “Байыркы дүйнөнүн тарыхы”, “Орто кылымдын тарыхы” дегендей. Андан баш тарттык. Азыр фармациялык мамиледен толугу менен баш тартып, цивилизациялык мамилеге өттүк.

Тарыхыбыз отурукташкан цивилизация мисалында, Байыркы Грециянын, Римдин, Европанын, анын ичинде Орусиянын таасири, көз карашы менен түшүндүрүлүп келген. Көчмөн, отурукташкан цивилизациялар аралашып, маданияттар жуурулушуп, бири-бирине таасир этти. Эч бир эл өз алдынча изоляцияланып, бөлүнүп өнүккөн эмес. Бүгүнкү глобалдашуунун доору дейбиз. Биз тарыхты карап эчак эле глобалдашуу болгонун көрөбүз. Демек, келечекте кыргыз эли тарыхыбызды, тилибизди, өзгөчөлүгүбүздү сактап кала алабызбы деген суроолор бүгүнкү тарыхый билим берүүнүн негизги маселелери болуп саналат.

Кыргызстандын орто мектептеринде тарых сабагы 5-класстан тарта окутула баштайт.
Кыргызстандын орто мектептеринде тарых сабагы 5-класстан тарта окутула баштайт.

- Тарых – коомдук илим эмеспи. Коом деген улам өзгөрүп турат экен. Ошол өзгөрүүлөргө жараша тарых китеби дагы жаңыланып окутулуп жатабы? Дегеним, ата-энелерден, окуучулардан көп угуп калабыз, “окуу китеби татаал жана түшүнкүсүз” , “баланы кызыктыра албайт” деп калышат.

Мурат Иманкулов: Албетте, улам басылган сайын оңдолуп турду. Мурда мамлекет, партия тарабынан көзөмөлдөнүп турган. Эгемендик алгандан кийин цензура алынды. Буга чейин тарыхта окутулбай, көңүл сыртында калып келген учурларды тарых китебине киргиздик. Азыр мамлекеттин саясаты, талабы кандай? “Толеранттуу болсун, башка элдерди кемсинтпеш керек, башкалар менен мамилени курчутпаш керек”. “Башка элдерге, мамлекеттерге карата агресивдүү саясатты жүргүзбөйлү. Максатыбыз тынчтык, бир туугандык мамилени орнотуу” деген талаптар бар. Калганы илимге негизделет. Тарых бул илимге негизделет. Ошондуктан илимде кандай жаңы ачылыштар, жаңылыктар болуп турса, ошол мектептеги тарыхый билим берүүгө окуучунун жаш өзгөчөлүктөрүнө карап окуу китептерине кошулуп турат. Биз дагы кошуп жатабыз.

Тынчтыкбек Чоротегин: Тарыхый доорлор, тарыхый инсандарга карата улам жаңы маалыматтар менен түшүнүгүбүз тереңдеп жатат. Демек, алардын баары жаңы окуу китебине кирип, өзгөрүп, толукталышы керек. Андан дагы бир маселе, мурда Кыргызстандын тарыхына гана басым кылчубуз. Азыр чөлкөмдүн тарыхын дагы, дүйнөнүн тарыхын дагы Кыргызстандын көз карашы менен жазышыбыз керек.

Мурат Иманкулов: Кыргызстанда 12 жылдык билим берүү боюнча программалар, стандарттар иштелип чыкты. Жакында окуу китептери даярдалат. Сиз айткандай, окуу китептери учурдагы маалыматтык технологияларды эсепке алуу менен түзүлгөнү турат. Китептин мазмунун алганда 3D, анимация деген сыяктуу технологияларды ичине киргизип, телефон аркылуу көрө тургандай болду. Окуучунун баары эле бирдей окубайт жана бирдей нерсеге кызыкпайт. Ошондуктан биз QR код аркылуу өзү кызыккан темаларды тереңдетип окуп алганга мүмкүнчүлүк түзүп жатабыз.

Тынчтыкбек Чоротегин: Тарых китебине ылгап жазып киргенде, кайсыл жагында илимий маалымат бар, кайсынысы көбүртүп-жабыртылганын иликтөөгө биздин окумуштуулардын дарамети жетиштүү. Маселен, болочок программага Эренак эмес Жарнак деп бериш керек деп ойлойм. Жарнактын урпактары хакас, алтайлыктардын арасында бар экенин айтып жатышат.

Эренек тууралуу 1990-жылдардан тарта эле окуу программасына киргизилген. Кийинки окуу китепте үч жарым беттик маалымат бар. Ошол окуу китептерин көрбөй эле көбүртүп-жабыртып, “ой, бул тарыхый инсан тууралуу биринчи жолу жазылып жатат” дешүүдө. Ал тууралуу Абдыкалыков, Арзыматов деген тарыхчыларбыз мурун эле жазып чыккан да. Демек, биз бир чети өзүбүздүн мурасыбызды дагы карап, мурдагы тарыхчыларыбыздын эмгектерин ырааттуу кайра жарыялап турушубуз керек.

Менин уулум Британияда окуп калды. Окуу китебин карап көрдүм, баары жазылган. Бирок бардыгын милдетүү талап кылышкан жок. Башталгыч класстарда бүтүндөй бир чейрегин бир тарыхый инсан жөнүндө эле өтө беришти. Көрсө, алар жок дегенде бир теманын негизинде ошол тарыхый доорду жакшы элестүү түшүнүп алыш үчүн эссе, дилбаяндарды жаздырышат экен. Ушинтип тарбиялашты. Бардык фактологиялык маалыматты сынак аркылуу балдардан сурап кыйнашкан жок. Бул жерде мугалимдин өзүнүн дарамети да маанилүү. Мугалим китептегинин баарын жүз пайыз талап кылбастан, эң башкысы, өз алдынча түшүнүп, ой жүгүртүп, кайсыл бир доор же инсан жөнүндө кийин дагы тереңдеп иликтегенге тажрыйба бериши керек.

- Мен ушул маселени Мурат агайдан сурайын деп отургам. “Китептерди жаңыладык, санариптик доорго ылайыктадык” деп жатабыз. Бирок мугалимдердин окутуу ыкмасы, усулу совет мезгилиндей эле калып калган жокпу?

Мурат Иманкулов: Жакшы нерсени айтып жатасыз. Азыр мугалим параграф менен окуп, айтып берет, түшүндүрөт. Келечегинде биз ар бир баланын жөндөмүнө жараша жекелештирип окутабыз.

Азыр параграфтарга ажыратканда бөлүнүп-бөлүнүп кетип, бирдиктүү түшүнүк калыптанбай калууда. Биз сынчыл ой жүгүртө турган инсанды тарбиялашыбыз керек. Аларга биз бардык маалыматты ушундай деп бере бербешибиз керек. Маселен, сүрөттү алсак, биринчи караганда эле жалпы көрүнүшүн көрүп түшүнөбүз, андан кийин деталдарын карайбыз. Ошол сыяктуу эле тарыхты окуганда дагы биринчи жалпы көрүнүшүн карап, анан деталдарга өтөт. Биз азыр жалпы картинка түзүлбөй калып, айрым деталдарды гана окутуп, жыйынтыгында бирдиктүү көз караш калыптанбай калууда. Биз ошол маселени азыр чечебиз.

Тынчтыкбек Чоротегин: Окуу китептерин түзүүдө биздин эмгектер алгачкы тажрыйба болду. Бизде башкы орунда мурда айтылбай келген, совет мезгилинде табу болгон темалар, жаңы маалыматтар мугалимге көбүрөөк таркатуу аракети болгон. Ошондо биздин татаал жазылган китеп бир эле учурда мугалимди агартуу жөнүндө болгон. Биз тарых факультетинде окуп жүргөндө 1930-жылдардагы репрессияланган кишилер тууралуу такыр айтышчу эмес. Анын ордуна биздин агайыбыз Чоң Чүй каналын курганда канча кетмен-күрөк колдонулганын айтып, аны билбегендерди сынактан кулата берчү. Репрессия тууралуу маалыматтарды киргизгенде алгачкы муундагы окуу китеп көбүрөөк мугалимдерге багытталып калган. Бул биздин чоң кемчилик. Азыр болсо, Мурат айткандай, мугалимдер үчүн терең, кеңири колдонмолорду түзүү зарыл. Окуучулардын жаш өзгөчөлүгүнө карап, маалыматтары сунушташ керек.

(Талкуу кыскартуулар менен берилди. Толук вариантын видеодон көрүңүз)

Шерине

XS
SM
MD
LG