Еврошаркеттин Орусияга салган санкциялык тизмесине Кыргызстандагы эки банк, криптовалюта чыгарган компания жана криптобиржа илинди.
Биримдиктин сайтындагы маалыматка караганда, кара тизмеге «Толубай» жана «Евразия сактык банкы», ошондой эле Орусиянын мамлекеттик колдоосу менен түзүлгөн стейблкоин A7A5 чыгарган компания жана Кыргызстанда катталган Grinex криптобиржасы киргизилди. Сөз болгон стейблкоин менен Еврошаркеттин аймагында соода кылууга тыюу салынган.
Кыргызстандык бул банктар Украинага каршы согуш ачкан Орусияга төлөм кызматын көрсөткөн жана криптовалюта менен камсыздаган финансылык уюмдар катары каралууда.
Ал эми Grinex "Крым жарым аралын аннексиялап алган жана Украинадагы кырдаалды бейстабилдештирген Орусиянын өкмөтүн колдойт жана андан пайда табат" деп айтылат.
14-августта Кошмо Штаттардын Финансы министрлигинин Чет элдик активдерди көзөмөлдөө башкармалыгы (OFAC) сөз болгон криптобиржага каршы жазалоочу чараларды жарыялаган. Андан кийин Британиянын санкциялык тизмесине илинген.
Мындан тышкары Еврошаркеттин жаңы пакетине Москвага санкцияларды кыйгап өтүүгө жардам бергени үчүн Тажикстандын үч банкына каршы чаралар киргизилди.
Кыргызстандык жана тажикстандык банктарга салынган санкциялар 12-ноябрда күчүнө кирмекчи.
Жайында Британия “Капитал банкка” жана анын директору Кантемир Чалбаевге санкция киргизген. Жыл башында АКШ “Керемет банкка” каршы чектөөчү чараларды жарыялаган.
Президент Садыр Жапаров 21-августтагы маегинде ал окуяларды комментарийлеп, «бир да факты көрсөтө алышпаганын, азыр да санкцияларды айланып өткөн факты жок экенин» айткан.
19-пакетте 2027-жылга карай Орусиядан суюлтулган газ алууга, Орусияда жашагандарга криптовалюта жаатында кызмат көрсөтүүгө, ал өлкөнүн дипломаттарына Шенген аймагында эки жакка каттоосуна чектөө киргизилип, көмүскө флот жана бир катар банктар бутага алынган.
Мунун алдында, 22-октябрда АКШнын Финансы министрлиги Орусиянын “Роснефть” жана “Лукойл” ири мунай компанияларына санкция салган.
Шерине