Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Октябрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:53

Бир катар өлкөлөр Израилдин Иордан дарыясынын батыш жээгин аннексиялап алуу аракетин айыпташты


Иордан дарыясынын батыш жээги
Иордан дарыясынын батыш жээги

Бейшембиде бир нече өлкө жана өкмөттөр аралык уюмдар Израилдин Иордан дарыясынын батыш жээгин аннексиялап алуу аракетин айыптаган билдирүү жасашты.

Арасына Египет, Иордания, Катар, Сауд Арабия, Түркия жана башкалар кирген 15 өлкө менен Араб мамлекеттеринин лигасы, Ислам кызматташтык уюму Израил парламенти жактырган мыйзам долбоорун айыпташты.

Анын алдыңкы күнү Кнессеттин депутаттары батыш жээкте Израилдин мыйзамдарын жана административдик башкарууну колдонуу долбоорлорун колдошкон.

Биргелешкен билдирүүдө мындай кадам эл аралык укукту, асыресе БУУнун Коопсуздук кеңешинин 2334-резолюциясын одоно бузуу болуп эсептелери айтылган.

Мындан тышкары Эл аралык сот Израилдин палестин аймактарын оккупациялоосу жана Иордандын батыш жээгинде конуштарды куруусу мыйзамсыз деген бүтүм чыгарганы белгиленет.

23-октябрда Израил Иордандын батыш жээгин аннексиялоо боюнча мыйзам долбоорлорун токтотуу чечимин кабыл алды. Өкмөттүк коалициянын жетекчиси Офир Кац андай сунуш азырынча каралбай турарын айтты.

Анын алдында АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс добуш берүүнү сындап, аны президент Дональд Трамптын саясатына “акаарат келтирүү” деп атаган.


Шерине

XS
SM
MD
LG