Израилдин армиясы (ЦАХАЛ) Газага кайрадан абадан сокку урганын 29-октябрда өлкөнүн өкмөттүк кеңсеси билдирди. Премьер-министр Биньямин Нетаньяхунун чабуул коюуга уруксат берген буйругуна ХАМАС (АКШда жана Евробиримдикте террордук деп жарыяланган топ) тынчтык келишимин бузуп, барымтада каза болгондордун сөөгүн кайтарып берүүдө алдамчылыкка барганы тууралуу айыптоо негиз болгону маалымдалды.
Газанын ХАМАС көзөмөлдөгөн жарандык коргонуу мекемеси израилдик аскерлердин соңку чабуулунан кеминде 33 палестиндин өмүрү кыйылганын, Газа шаарында, Бейт-Лахияда, ал-Бурейжде, Нусейратта жана Хан Юнисте үйлөр жана мектеп имараттары, качкындар лагерлери талкаланганын билдирди.
Айрым соңку маалыматтарга караганда, каза болгондордун саны 65ке жетти, алардын 20 чактысы балдар.
АКШ президенти Дональд Трамп анын аракети менен жетишилген тынчтык келишимин эч нерсе буза албасын, Израил эгер аскерлерине кол салып жатышса жооп бериши керектигин айтты.
Нетаньяхунун сокку тууралуу билдирүүсүнөн кийин ХАМАС барымтада каза болгон дагы бир туткундун сөөгүн Израилге азырынча өткөрүп бербей турганын билдирди. Буга чейин маркумдун сөөгү 28-сентябрда өткөрүлүп берилери айтылган.
Газадагы эки жыл созулган согуш токтогону жарыяланган күндөн тартып Израил ушуну менен анклавдын аймагын үчүнчү жолу аткылады. Буга чейин 19-октябрда жана 25-октябрда да сокку урулган.
Ок атышууну токтотуу тууралуу декларацияга 13-октябрда кол коюлуп, ошондон бери ЦАХАЛдын жоокерлери Газада согуш жүргөн аймактын дээрлик жарымынан чыгып кетти. Израил дээрлик 2 миңдей палестин туткунун бошотту. ХАМАС барымтада кармап келгендердин тирүүлөрүнүн баарын өткөрүп берди, каза болгондордун айрымдарынын сөөгүн кайтара элек.
2023-жылы 7-октябрда бир күндө кеминде 1197 кишиси өлтүрүлүп, дагы 251и барымтада калган кандуу кол салуудан кийин Израил Газа секторунда ХАМАСка, Ливанда "Хезболлага" жана Йемендеги хуси козголоңчуларына каршы согуш баштаган. Алар баары Ирандын аймактагы ишенимдүү өкүлдөрү катары саналат. Ошондон бери Израил аталган топтордун башчыларынын дээрлик көпчүлүгүн жок кылды. Газада, саламаттык сактоо мекемесинин маалыматына караганда, эки жылдан бери 69 миңдей адамдын өмүрү кыйылды. (RK)
Шерине