Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Ноябрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:52

Украин бийлиги: Николаев, Чернигов облустарына чабуул жасалды


Николаев облусун аткылоонун кесепети.
Николаев облусун аткылоонун кесепети.

Украин бийлиги 1-ноябрда Николаев жана Чернигов облустарын Орусия ракета менен аткылаганын билдирди. Николаевде адамдар жабыркаганын, тиешелүү кызматтар чабуулдун кесепетин жоюунун үстүндө иштеп жатышканын шаар башчысы Александр Сенкевич Телеграм каналына жазды.

Чернигов облусуна 1-ноябрга караган түндө Орусиянын учкучсуз учактары чабуул жасаган. Украинанын Чукул кырдаалдар кызматы маалымдагандай, 66 жаштагы аял жаракат алды. Айыл чарба ишканасынын кампасы өрттөндү. Бир катар административдик имараттар, бир үй жана автоунаа жабыркады.

1-ноябрь күнү дрон чабуулуна Новгород-Северский шаары да кабылганы кабарланды, ал жакта имараттар жабыркады.

Запорожье облусунун Орехов аймагына жасалган чабуулдан 72 жаштагы тургун жаракат алганын облус башчысы Иван Федоров билдирди.

Полтава районунда дрон чабуулунан улам газ өндүрүүчү ишканада өрт чыкты. Чукул кырдаал кызматы өрттү өчүрүүгө 20дай техника, жүзгө чукул куткаруучу тартылганын, өрт таңкы алтыга жакын толук өчүрүлгөнүн билдирди. Жабыркагандар тууралуу маалымдалган жок.

Украин аба күчтөрүнүн маалыматына караганда, ишембиге караган түнү Орусия тараптан 223 дрон чабуул койду. Анын ичинен 206сы жок кылынды.

Орусиянын Украинадагы кеңири масштабдагы согушу башталганына 3,5 жылдан ашты. Согушту токтотуу боюнча дипломатиялык аракеттерден майнап чыга элек.

Шерине

XS
SM
MD
LG