Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Ноябрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:00

Ысык-Көлдө эс алуучу жайдагы коттежден тутанган өрттү өчүрүү аракети көрүлүүдө


Иллюстрация
Иллюстрация

Ысык-Көл районундагы Кош-Көл айылында жайгашкан “Радуга Вест” эс алуу жайында коттеждер өрттөнүп жатканы тууралуу соцтармактарда жазылууда. Андагы видеолордо эс алуучу жайдагы жыгачтан тургузулган бир нече коттеж өрттөнүп жатканын көрүүгө болот.

Маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) ырастап, аталган эс алуучу жайдагы үйдөн өрт чыкканы тууралуу кабар 1-ноябрда түшкү саат бирлерде түшкөнүн кабарлады.

Министрлик кырсык болгон жерге жалпы беш күжүрмөн топ тартылып, өчүрүү иштери жүрүп жатканын билдирди. Өрттү өчүрүүгө "Тамчы" эл аралык аэропортунан кошумча күжүрмөн топ жана пансионаттын өзүнөн да техника алынган.

Азырынча канча коттеж күйгөнү белгисиз.

ӨКМ кошумча маалымат берилерин билдирүүдө.(ZKo)


Шерине

XS
SM
MD
LG