Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Ноябрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:43

Украина Бучадагы кыргынга катышы бар деген аскерлердин ысымын жарыялады


Бучада каза болгондордун бейити
Бучада каза болгондордун бейити

Украина 2022-жылы Киев облусунун Буча шаарында карапайым тургундарды жапырт өлтүрүүгө катышы бар деп табылган орусиялык беш аскердин ысымын жарыялады. Бул тууралуу РБК-Украина өлкөнүн Башкы чалгын башкармалыгына таянып жазды.

Киев Орусиянын армиясынын аскерлери Юрий Ким, Евгений Мешалкин, Анатолий Павлов, Шамил Гасангулиев жана Павел Кретининдин ысымын атаган.

Украиналык тергөөчүлөр бул шектүүлөр Бучаны курчоо маалында 17 жаранды өлтүрүп, кишилерди кыйнап, кылмышты маркумдардын сөөгүн өрттөө менен жаап-жашырууга аракеттенген деп эсептейт.

"Карапайым украиналыктарга карата кылмыш жасагандардын ар бири жазасын алат. Эч ким жашынып калбайт, киши өлтүргүчтөрдүн ысымдары белгилүү", - деп жазылган аталган мекеменин билдирүүсүндө. Иликтөө уланып жатканы кабарланды.

  • Киевден 30 чакырым алыстыкта жайгашкан Бучадан 2022-жылы орус армиясы чегингенден кийин көп санда карапайым жарандардын сөөгү табылган. Аман калгандар калаада орус аскерлеринин жапырт киши өлтүрүүлөрү, кыйноо жана мародерчулук тууралуу айтып беришкен.
  • Орусия өз армиясынын жай тургундарга карата кылмыштарга катышы жок экенин жарыялап, күнөөнү кайра Украинага оодарган. Орус Коргоо министрлигинин версиясына ишенбегендер "фейк" жана "Орусиянын армиясын дискредитациялоо" беренелери менен жоопко тартылган учурлар бар.

Шерине

XS
SM
MD
LG