Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Ноябрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:41

Британияда поезддеги кол салууда он киши жараат алды


Британиядагы темир жол станцияларынын бири
Британиядагы темир жол станцияларынын бири

Бычак менен элге кол салуу 1-ноябрдын кечинде Британиянын Кембрижшир аймагында Донкастер шаарынан чыгып, Лондондогу King's Cross бекетине багыт алган поездде болгон. Би-Би-Си жазгандай, анда он киши жараат алды, алардын тогузунун абалы оор экени кабарланды.

Окуядан улам поезд Хантингдон станциясына пландан тышкары токтоого аргасыз болгон. Чукул кызматтардын көп сандаган кызматкерлери келген.

Полиция тогуз адам оор абалда ооруканада жатканын, дагы бири жеңил жаракат менен дарыланып атканын ырастады.

Кол салууга байланыштуу эки киши кармалып, камакка алынды.

Антитеррордук бөлүмдүн кызматкерлеринин катышуусунда иликтөө жүрүп жатат. Полициянын маалыматына караганда, бул райондо поезддердин каттамы убактылуу токтотулду. Мындан тышкары автотранспорт кыймылына да чектөөлөр кирди. Кол салууга эмне себеп болгону айтыла элек.

Британ премьери Кир Стармер Кембрижширдеги окуяны "терең тынчсыздануу жараткан, кыжырды кайнаткан окуя" деп атап, жарандарды жергиликтүү бийлик менен полициянын көрсөтмөлөрүн аткарууга чакырды.



Шерине

XS
SM
MD
LG