Чүй облусунун Москва районунун тургуну аялын өлтүрүүгө шектелип кармалды. Облустук ички иштер башкы башкармалыгы билдиргендей, райондук милицияга 1-ноябрда маалымат түшкөн.
Ыкчам тергөө тобу окуя болгон Бала-Айылчы айылына барганда 1962-жылы туулган Э.С. аттуу жаран мас абалында 49 жаштагы жубайына куралдан ок чыгарганы аныкталган. Ал алган жараатынан улам ошол жерде каза болгон.
Москва райондук милициясы Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Киши өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козгогон. Шектүү райондук милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары уланууда.
Соңку жылдары Кыргызстанда аялдарга жана балдарга каршы үрөй учурган зомбулук фактылары катталып жатат. Май айында Өзгөндө 38 жаштагы Айзирек Эралиева да күйөөсүнүн колунан каза таап, райондук сот күйөөсүн 18 жылга абакка кескен.
WPS (Тынчтыктын жана аялдар үчүн коопсуздуктун индекси) боюнча Кыргызстан акыркы эки жыл катары менен Борбор Азияда кыз-келиндер үчүн эң кооптуу өлкө деп таанылган. Активисттер укук коргоо, сот органдарынын, коомдун бул маселеге карата мамилеси, зомбулук жасаган эркектердин көп учурда жазасыз калып жатканы да зомбулуктун күчөшүнө себеп экенин айтып келишет.
Шерине