Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Ноябрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:56

Президент Жапаров электр энергиясын сатууда "чектөөсүз тарифти” токтотууну тапшырды


Садыр Жапаров
Садыр Жапаров

Президент Садыр Жапаров "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомунун калкты электр энергиясына болгон "чектөөсүз тарифке" өтүү чакырыгына байланыштуу энергетика министри Таалайбек Ибраевдин иш-аракеттерине кескин баа берди. Бул тууралуу 4-ноябрда президентти басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, мамлекет башчы электр энергиясынын тартыштыгы шартында мындай демилгелерге жол берилбестигин жана алар коомдо социалдык бөлүнүүгө алып келиши мүмкүн экенин белгиледи.

Садыр Жапаров бул тарифти колдонууну токтоосуз токтотууну жана кыш мезгилинде жарандарга электр энергиясынын адилеттүү жана бирдей жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча толук чараларды көрүүнү тапшырды.

3-ноябрда "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ишканасынын өкүлү Исабек Орозбаев “Биринчи радиого” интервью берип жатып, электр энергиясына болгон жогору талап болгон учурда Кыргызстанда электр энергиясынын берилиши азаят деп болжолдонуп жатканын, ошол эле учурда, каалагандар үчүн “чектөөсүз тарифке” өтүү мүмкүнчүлүгү бар экенин билдирген. Ал абонент “чектөөсүз тариф” алуу үчүн атайын арыз менен кайрылыш керектигин, мында электр энергиясынын баасы 1 кВт/саат үчүн 3,81 сом болорун тактаган. Мында 700 кВт сааттык керектөө нормасы колдонулбайт.

2022-жылы Кыргызстандын Министрлер кабинети электр энергиясын керектөөчүлөрдүн жаңы категориясын киргизип, чектөөсүз (лимитсиз) пайдаланууну каалагандар үчүн жаңы тариф 5 сом 4 тыйын өлчөмүндө бекитип берген.

2025-жылдын апрелинде Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев электр энергиясынын баасын көтөрүү каралган токтомго кол койгон. Ага ылайык, быйыл 1-майдан баштап Кыргызстанда электр энергиясынын баасы 26 тыйынга кымбаттап, 1 кВт/саат электр энергиясынын наркы 1 сом 37 тыйынга чыккан. 700 кВт/сааттан ашкандан кийин мурда 2,39 сомдон эсептелсе, ал 2,60 сомго жогорулаган.

Электр жарыгын өнөр жай үчүн колдонгондор ага чейин 1 кВт/саат электр энергиясына 3 сом 18 тыйындан төлөп келсе, 1-майдан тарта 3 сом 49 тыйын болуп көтөрүлгөн.

Ноябрдын башынан тарта Кыргызстанда электр энергиясынын кубаттуулугуна чектөө киргизилген. "Кыргызстан улуттук электр тармактары" маалымдагандай, авариялык өчүрүүлөрдү алдын алуу максатында "акылдуу эсептегичтерде" эртең мененки жана кечки убактарда 5 кВт кубаттуулук 3 кВтка чейин түшүрүлүп, чектөө коюлду. (ErN)

Шерине

XS
SM
MD
LG