Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Ноябрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:53

УКМК байланыш операторлорун абоненттер жөнүндө маалымат берүүгө милдеттендирүүнү сунуштады


Уюлдук телефон. Иллюстрациялык сүрөт.
Уюлдук телефон. Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) бир нече мыйзам-кодекстерге өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Документ Ченемдик-укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталына жарыяланды.

Долбоор бул тармактагы эскирген жана бир маанидеги эмес терминдерди жоюу, актуалдуулугун жоготкон түшүнүктөрдү алмаштыруу, операторлор менен өз ара аракеттенүүнүн укуктук жана техникалык механизмдерин чыңдоого багытталган. Ал “Электр байланышы жөнүндө” мыйзамдын жокко чыгарылганын эске алуу менен Санарип кодексин киргизүү шартында бирдиктүү санарип терминологиясын жана укуктук шайкештигин камсыздоону көздөйт.

УКМК мыйзам долбоору аркылуу байланыш операторлорун сервистерди пайдалануучулар тууралуу маалымат берүүгө, атайын тергөө аракеттери жана контрчалгындоо маалында программалык-техникалык мүмкүнчүлүктөр менен камсыздоого, маалымат базасына, санариптик технологиялык тутумдарына жана ресурстарына жетүүгө уруксат берүүгө милдеттендирүүнү сунуштады.

Мындан сырткары согуштук жаңжалдар жана башка кризистик кырдаалдарда мобилдик телефондорду жеринен убактылуу өчүрүүгө мүмкүндүк берүүчү укуктук механизмди киргизүү демилгеленүүдө.

Мыйзам долбоордун маалымкат-негиздемесинде бул сыяктуу ыйгарым укуктар АКШнын (Patriot Act), Израилдин, Индиянын жана ЕБ өлкөлөрүнүн ченемдик актыларында бекитилгени белгиленет.

2024-жылдын 25-июнунан тартып Кыргызстанда уюлдук телефондорду милдеттүү түрдө каттоо башталган. Юстиция министрлигинин маалыматында мындай чара рынокту жасалма телефондордон коргоо, телефондордун уурдалышын жана телефон алдамчылыгын азайтуу максатында жүргүзүлүп жатканы кабарланган. Ага ылайык, Мамлекеттик идентификация системасында катталбаган телефондор өлкөнүн бир да мобилдик операторунун байланыш кызматынан пайдалана албайт.

Министрлер кабинети 2025-жылдын августунда кабыл алган мобилдик аппарттарды идентификациялоо тартиби жөнүндө жобого ылайык, “Кыргыз мобилдик каттоо борбору” телефондорду каттап, процессти УКМК көзөмөлдөй турган болгон. (ErN)

Шерине

XS
SM
MD
LG