Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Ноябрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:42

Башкырстанда мунай заводу дрон чабуулуна туш болду


Стерлитамактагы ишканага буга чейин да чабуул коюлган
Стерлитамактагы ишканага буга чейин да чабуул коюлган

4-ноябрга караган түнү Стерлитамак шаарындагы ишкана дрон чабуулуна кабылганын Башкырстандын башчысы Радий Хабиров билдирди.

Анын айтымында, эки пилотсуз учак тең атып түшүрүлдү, сыныктары өнөр жай зонасына кулап түштү. Бирок жетекчи кайсы ишкана тууралуу сөз болгонун айткан жок.

Ал эми шаардын мэри Эмил Шаймарданов нефтехимиялык заводдун цехинде жарылуу болгонун, ал жер жарым-жартылай ураганын маалымдады. Алдын ала кабарларга ылайык, ошол учурда цехте жүргөн беш кишинин эч кимиси жабыркаган жок.

Стерлитамак калктын саны жагынан жумурияттын Уфадан кийинки экинчи шаары, химия жана машина куруу өнөр жайынын ири борбору.

Рейтер кабар агенттиги шаар украин чек арасынан бир жарым миңдей километр алыс жайгашканын белгилейт. Киев чабуулга байланыштуу комментарий жасай элек.

Украина жайында орус армиясын күйүүчү май менен камсыздаган мунай иштетүүчү завод, база жана терминалдарга чабул коюуну күчөткөн. Москва муну теракт деп атаса, Украина ал жайларды Орусия 2022-жылы баштаган согуштагы мыйзамдуу бута деп санайт.


Шерине

XS
SM
MD
LG