Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Ноябрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:32

УКМК курулуш жана өрт коопсуздугун тескеген эки кызматкер пара менен кармалганын билдирди


УКМК тараткан сүрөт.
УКМК тараткан сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин Бишкек шаары боюнча Мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөлү башкармалыгында жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча Өрт көзөмөлү кызматынын башкармалыгында пайдаланууга берүү актыларын даярдоо үчүн мыйзамсыз каражат алуу боюнча коррупциялык схема аныкталганын бүгүн 6-ноябрда кабарлады.

Маалыматка караганда, аталган мекемелердин кызматкерлери өз ара сүйлөшүп алып, Бишкек шаарында жайгашкан тигүү цехин пайдаланууга берүү актысын макулдашуу жана кол коюу мөөнөтүн атайылап создуктурушкан. Натыйжада алар тиешелүү актыга кол койгондугу үчүн 2000 доллар каражатын опузалап алган деп шектелип жатат. Мындан сырткары кызматкерлердин бирөө кол койгондугу үчүн "МБанк" мобилдик тиркемеси аркылуу 27 миң сом акча каражатын которууну талап кылган.

Топтолгон материалдардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин "опузалап пара алуу" беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө эки кызматкер акча алып жаткан жеринен 5-ноябрда кармалганы маалымдалды. Шектүүлөр УКМКнын убактылуу тергөө абагына камалды.

Атайын кызмат кылмышка шектеп кармаган кызматкерлердин жакындары жана жактоочулары бул тууралуу комментарий бере элек.

Сентябрда президент Садыр Жапаров Балыкчы шаарындагы сапарында оңдолуп-түзөлүп бүтпөй жаткан бала бакчага барган учурда жогорку бийлик бутактарында коррупция дээрлик жоюлганы менен ортодон төмөнкү катмарды паракорчулуктан арылтуу кыйын болуп жатканын билдирген.

Кыргызстанда коррупцияга байланыштуу айыпталгандарга жаза катаалдаган. Өткөн жылдын аягында Садыр Жапаров паракорчулук үчүн жаза күчөтүлгөн мыйзамга кол койгон. Документке ылайык, "Коррупция" беренеси менен соттолгондорго мамлекеттик кызматта иштөөгө өмүр бою тыюу салынат. Алардын жакындары, туугандары да мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда иштей албайт. (КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG