Энергетика министрлиги электр энергиясындагы «Чексиз тариф» сунушу тууралуу 6-ноябрда түшүндүрмө берди.
Анда күз-кыш мезгилинде электр энергиясын керектөөнү өзгөртпөстөн колдонууга чакырык жасоо демилгеси “Кыргызстандын улуттук электр тармагы” акционердик коому тарабынан министрлик менен алдын ала макулдашылбастан көтөрүлгөнүн билдирди.
"Бул маселе коомчулукта кеңири талкуу жараткан. Президент Садыр Жапаров мындай сунуштар электр энергиясынын тартыштыгы шартында кабыл алынбашы керектигин белгилеп, бул багыттагы ишти токтотууну жана жарандарды электр энергиясы менен адилеттүү жана бирдей камсыздоону тапшырган", - деп жазылган Энергетика министрлигинин маалыматында.
Мекеме “Кыргызстандын улуттук электр тармагы” акционердик коомунун жетекчилигине тиешелүү чара көрүү боюнча катты ишкананын директорлор кеңешине жолдогонун, анын натыйжасында 6-ноябрда акционердик коомдун башкы директору И.М.Сыдыгалиевге, коммерциялык иштер боюнча орун басары Дуйшө уулу Уларбекке сөгүш жарыяланып, электр энергиясын сатуу башкармалыгынын башчысы И.А.Орозбаев кызматтан алынганын маалымдады.
Электр энергиясынын тартыштыгын жана коомдогу нааразычылыкты эске алуу менен "Кыргызстандын улуттук электр тармагына" элге үзгүлтүксүз электр энергиясын берүү тапшырылды.
3-ноябрда "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ишканасынын өкүлү Исабек Орозбаев “Биринчи радиого” маек берип жатып электр энергиясына жогору талап болгон сааттарда Кыргызстанда жарыктын берилиши азаят деп болжолдонуп жатканын, ошол эле учурда каалагандар үчүн "чексиз тарифке" өтүү мүмкүнчүлүгү бар экенин билдирген. Ал үчүн абонент атайын арыз менен кайрылыш керектигин, электр энергиясынын баасы 1 кВт/саат үчүн 3,81 сом болорун тактаган. Мында 700 кВт сааттык керектөө нормасы колдонулбай турганы белгиленген.
4-ноябрда президент Садыр Жапаров "чексиз тарифке" өтүү тууралуу сунушту сындап чыккан. Буга байланыштуу энергетика министри Таалайбек Ибраевдин иш-аракетине кескин баа берген.
Президент бул тарифти колдонууну дароо токтотууну табыштаган.
Ушул тапта өлкө аймагында жана борбор калаада жарык маал-маалы менен өчүрүлүп, электр кубаты чектелип жатат. (NT)
Шерине