Быйыл 1-сентябрдан тарта 1-класска кирген 156 миң окуучу менчиктин түрүнө карабастан мектепке барып окуйт.
Ал эми калган класстардын баары онлайн режимде билим алышат. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов 14-августта өкмөттүн жыйынында билдирди.
«1-класстын 156 миң окуучусуна 100% мектептердин эшиктери ачылат. Баланын социалдык адаптациясы, окуу көндүмдөрү, колдун моторикасы жашында калыптанганы абдан маанилүү. Ошол эле учурда экинчи жагынан эпидемиологиялык кырдаалдын шарттары эске алынып, окутуунун алгоритмдери толук жана так иштелип чыксын», - деди Боронов.
Кыргызстанда бир күн ичинде коронавирус 304 кишиден лабораториялык жол менен жаңы аныкталды.
Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык ыкчам штабдын 14-августтагы маалыматына караганда, бир күн аралыгында вирустан дагы төрт киши кайтыш болду.
Каза болгондор Бишкек шаарында, Талас, Ысык-Көл жана Ош облустарында катталды.
Өлкөдө пандемия башталган март айынан бери коронавирустун курмандыктары 1491 кишиге жетти. Вирусту 41373 киши жугузуп алып, анын 33622си айыкты.
Республикалык ыкчам штабдын маалыматына караганда, коронавирус менен ооруган акыркы сегиз бейтап 13-августта госпиталдан сакайып чыкты.
Мурдагы транзиттик «Ганси» базасында ачылган «Семетей» госпиталы 47 күн иштеп, бул аралыкта 1500 бейтап, анын ичинен 300гө жакыны реанимацияда дарыланды.
Ушул тапта госпитал күз-кыш мезгилдерине жана коронавирус илдетинин экинчи толкунуна даярдалып жатат. Анда кошумча шарттар каралып, лаборатория түзүү пландалууда.
COVID-19 пандемиясы башталгандан бери Кыргызстандын ооруканаларында орун жетишпей, өкмөт, ыктыярчылар менен ишкерлер күндүзгү жана кечки стационарларды уюштуруп, бейтаптарды тейледи.
Казакстанда карантиндик чектөөлөрдү бир нече баскыч менен алууну Мамлекеттик комиссия чечти. Аталган комиссия 13-августта бул чечимин "5-июлдан тарта киргизилген чектөөлөр кырдаалды турукташтырууга жардам берди жана медициналык мекемелерде бейтаптардын санын азайтты" деп негиздеди. Мындай маалыматты казак өкмөтүнүн басма сөз кызматы таратты.
Анда айтылгандай “күнүмдүк коронавируска чалдыгуу төрт пайыздан 0,5 пайызга чейин төмөндөдү”. Ошондой эле айыккандардын саны да 76% түздү.
Казакстанда учурда 117 104 адам коронавируска кабылган. 1 433 адам илдеттен көз жумган. Казак өкмөтү 8-августтан тартып коронавирус менен пневмонияны чогуу санай баштаган.