Кыргызстанда бир суткада 9 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. 24-августтагы Республикалык штабдын маалыматына ылайык, вирус жугузуп алган медиктердин бирөө Бишкек шаарында, экөө Баткен облусунда, алтоо Жалал-Абад облусунда. Бир суткада ооруканалардан жана үй карантининен айыгып чыгарылган медициналык кызматкерлер болгон жок.
Расмий маалыматка караганда, пандемия башталган март айынан бери Кыргызстанда вирус жугузган медиктердин саны 3101ге жетти. Алардын 2385и айыкты.
21-августта саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев Коомдук телерадио корпорациясынын (КТРК) «Биринчи радиосундагы» маегинде коронавирустан 80ге жакын медицина кызматкери каза болгонун билдирген.
Өкмөттүн чечимине ылайык, вирус жуккан медицина кызматкерлерине 200 миң сом, каза болгондорунун үй-бүлөсүнө бир миллион сом кенемте төлөнүп берилиши керек.
Саламаттык сактоо министрлиги оорудан көз жумган медкызматкерлердин жакындарына жана илдет жуккан дарыгерлердин канчасына кенемте төлөнгөнү тууралуу маалымат бере элек.
Республикалык штабдын маалыматына караганда, 24-августта Бишкекте коронавирус илдети аныкталган бир адам көз жумду. Жалпысынан оорудан көз жумгандар 1057 адамга жетти.
Акыркы суткада ооруну жеңген 218 адам ооруканадан чыкты. Жалпы пандемия башталгандан берки убакта бул оорудан 36 615 адам сакайды.
24-августта коронавирус жана пневмонияга чалдыккан 103 адам жаңы катталды. Алардын ичинен:
Бишкек - 27
Ош – 1
Чүй облусу – 8
Ош облусу - 8
Нарын облусу – 3
Ысык-Көл облусу – 8
Жалал-Абад облусу – 29
Баткен облусу - 19
Ушуну менен 24-августка карата Кыргызстанда коронавирус илдетин жугузгандардын жалпы саны 43 126 адамга жетти.
Кыргызстанда коронавируска чалдыккан алгачкы үч адам 18-мартта катталган. Министрлик 18-августта каза болгондордун статистикасы кайра каралып чыкканын, ага ылайык 437 кишинин өлүмүнө башка оорулар себеп болгонун, сегиз учур эки жолу катталып калганын жарыялаган.
Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабга кайрылып, жарандардан жума намазга уруксат берүү тууралуу өтүнүч түшүп жатканын билдирген. Бул тууралуу штабдын 22-августтагы жыйынында айтылды.
Анда айтылгандай, Мусулмандар дин башкармалыгы диний мекемелердеги санитардык талаптардын аткарылышына көз салуу милдетин өзүнө алууда. Штабдын маалыматына караганда, биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков Саламаттык сактоо министрлигине Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия жана муфтият менен чогуу санитардык коопсуздук алгоритмин иштеп чыгууну тапшырды.
Кыргызстанда эпидемиологиялык кырдаал турукташканга чейин жума намазы убактылуу токтотулуп, анын ордуна бешим намазын өз алдынча окууга уруксат берилген. Мындай чечимди 9-июлда Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы (муфтият) Аалымдар кеңешинин чечиминин негизинде кабыл алган.
Буга чейин марттын этегинен баштап эки ай карантин учурунда жума намазга убактылуу тыюу салынган. Майдын аягында карантин эрежелери жумшаргандан кийин жума намазга уруксат берилген.
ДССУ: Коронавирус пандемиясын ооздуктоого эки жылдай убакыт кетет
Уюм мындай билдирүүнү вирус жуккандардын саны Европада көбөйүп, ал эми Америкада азайып жаткан маалда жасады.
Дүйнөдө жалпы жонунан 23 миллиондой адам инфекцияны жугузуп алса, 800 миңдей адам каза тапты.
Акыркы күндөрү Германия, Франция, Испания жана Италияда инфекцияны алып жүрүүчүлөрдүн саны көбөйүүдө. Саламаттык сактоо жаатындагы эксперттер муну жайкы жайкы эс алуу менен байланыштырып, күздө экинчи толкун болорун эскертип жатышат.
Европа лидерлери экономикага залал келтирген чектөөлөр кайра кирбесин билдиришкен. Мунун ордуна эпидемиологиялык кырдаал курч аймактарга барбай турууга чакырышууда. Мындан тышкары вирустун тарап кетпешине көз салып, элди беткап кийүүгө милдеттендиришүүдө.
Учурда АКШда инфекция жуккандардын саны төмөндөй баштады. Июль айында күнүнө 70 миң адамдан вирус табылса, акыркы күндөрү бул сан 40 миңдин тегерегин көрсөтүүдө. ДССУнун маалыматында Латын Америкасында да абал турукташа баштады.
Пандемия башталгандан бери АКШда COVID-19дан 175 миңдей, Бразилияда 113 миңден ашуун адам кайтыш болду.