"Evening Standard" гезити Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун коронавирустун вакцинасын чыгаруу тууралуу билдирүүсүн жарыялады. Уюмдун басма сөз катчысы Маргарет Харрис буга чейин чыккан Оксфорд университети менен "AstraZeneca" компаниясынын, Орусиянын вакциналарынын таасири 50% гана аныкталганын билдирди.
Харрис өз билдирүүсүндө "Жаңы вакциналар азыр бир топ адамга сыналды, бирок анын таасири, коопсуздугу дале бүдөмүк бойдон. Келерки жылдын ортосуна чейин вакцина жалпыга жеткиликтүү болору күмөн", - деди.
Анын алдында АКШнын саламаттык сактоо тармагындагылар Pfizer компаниясынын вакцинасы октябрда даяр болорун жарыялаган эле.
ДССУ кокус вакцина ийгиликтүү чыкса, анда дүйнөнүн чар тарабына адилет таратылышы керектигин эскертти.
Бишкек шаарында жаңы инфекциялык оорукананын курулушу 65% бүтүп калды. Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдын маалыматына караганда, 100 орунга эсептелген объекттин курулушу төрт блоктон турат.
Курулушта 105 жумушчу иштеп жатат. Имараттын курулушуна тез тургузулуучу каражаттар колдонулууда.
Аны курууга Аймактарды өнүктүрүү фондунун эсебинен 60 миллион сом бөлүнгөн.
COVID-19 пандемиясы күчөгөн июнь-июль айларында Кыргызстандын ооруканаларында орун жетишпей, өкмөт, ыктыярчылар менен ишкерлер күндүзгү жана кечки стационарларды ачып, бейтаптарды тейледи.
Саламаттык сактоо тармагындагы бир катар адистер жана жарандык активисттер, коомчулук бийликтин карантинде бир да оорукана кура албаганын, тармактагы өксүктөрдүн чечилбегенин катуу сынга алыган.
Архитектура, курулуш, турак жай жана коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги буга чейин республика боюнча 14 саламаттык сактоо мекемесинин курулушу жана оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатканын, анын бешөө жаңыдан салынып, тогузу капиталдык оңдоодон өткөрүлүп жатканын билдирген.
Кыргызстанда акыркы бир сутка ичинде COVID-19 илдети лабораториялык жол менне дагы 89 кишиден табылды.
Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб 5-сентябрда билдиргендей, вирус жугузуп алгандардын 14ү Бишкекте катталды.
Ош шаарында бир, Чүй облусунда – 9, Ош облусунда - 13, Талас облусунда - 4, Нарын облусунда бир, Ысык-Көл облусунда – 18, Жалал-Абад облусунда – 10, Баткен облусунда - 19 кишиден вирус аныкталды.
Өлкөдө пандемия башталган март айынан бери коронавируска чалдыккандар 44316 кишиге жетти. Анын 39648и айыкты.
Расмий эсеп боюнча ушу тапта коронавирус жугузуп алган 577 бейтап стационарларда, 4097 киши үй шартында дарыланып жатат.
Кыргызстанда коронавируска чалдыккан учур биринчи жолу 18-мартта расмий катталган.
Дүйнө жүзүндө коронавирус пандемиясы башталгандан бери кеминде 7 миң медицина кызматкери COVID-19 илдетинен көз жумду. Бул тууралуу баш кеңсеси Лондондо жайгашкан «Amnesty International» укук коргоо уюму (AI) 3-сентябрда билдирди.
Уюмдун эсебине ылайык, коронавирустан кайтыш болгон медиктердин саны боюнча Мексика дүйнөдө биринчи орунда турат. Бул өлкөдө 1300дөн ашуун медицина кызматкери коронавирустун айынан көз жумган.
Мексикадан кийинки орундарда АКШ (1077), Британия (649), Бразилия (634), Орусия (631), Индия (573), Түштүк Африка (240) жана Иран (164) турат. Уюмдун баяндамасында Кыргызстанда 70тен ашуун медицина кызматкери коронавирустан көз жумганы белгиленген.
«Amnesty International» медиктердин арасындагы өлүм-житимге жеке коргонуу каражаттарынын жетишсиздиги себеп болуп жатканын билдирди.
«Ар бир медицина кызматкери жумушта коопсуз болууга укугу бар жана ушунча көп адамдын каза болуп жатканы - чуулгандуу жагдай», - деди эл аралык уюмдун өкүлү Стив Кокбөрн.
Жон Хопкинс университетинин маалыматына ылайык, дүйнө жүзүндө өпкөнү сезгенткен коронавирус инфекциясына чалдыкканы ырасталгандар 26 миллион 310 миң кишиден ашты. Алардын 868 миңден ашууну көз жумду.
Кыргызстанжа болсо жумуш учурунда коронавирус жугузуп алып каза болгон медкызматкерлердин үй-бүлөлөрүнө 1 миллион сом компенсация төлөп бериш үчүн атайын комиссия иштеп жатат. Бүгүнкү күндө коронавирустан каза болгон 18 медкызматкердин үй-бүлөcүнө кенемте берилди. Дагы 34 кызматкерге кенемте төлөө маселеси иликтенип жатат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 4-сентябрдагы басма сөз жыйында билдирди.
Анын айтымында, азыр иш учурунда вирус жугузуп алган медкызматкерлерден келген 800 документ каралууда.
Өкмөттүн чечими менен иш учурунда оору жугузуп алган медкызматкерлерге 200 миң сомдон кенемте каралган. Каза болгондорго бир миллион сомдон кенемте берилиши керек.
Расмий маалымат боюнча өлкөдө коронавирустан өмүрү кыйылган медицина кызматкерлери 80ден ашты.
4-сентябрга карата Кыргызстанда COVID-19 диагнозу аныкталган медкызматкерлер 3145ге жетти, анын ичинен 2533 медкызматкер айыкты.