Элдин сасык тумоого жана респиратордук вирустук инфекцияларга каршы эмделиши COVID-19 пандемиясы учурундагы абалды жеңилдетет. Бул тууралуу 8-сентябрда Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын жыйынында айтылды.
Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү жыл сайын күз-кыш мезгилинде тумоологондор кескин көбөйөрүн, учурда элди эмдөөгө мамлекеттик медицина жайлары менен катар жеке клиникалар да даярданып жатканын айтышты.
Биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков эмдөөнүн маанилүүлүгүн элге жеткирүү зарылдыгын, вакцина алуу сентябрь айынын экинчи жарымында башталарын белгиледи. Эл арасында, айрыкча социалдык түйүндөрдө эмдөөгө каршы түрдүү пикирлер айтылып жатканын, бирок анын ден соолукка зыяны жок экенин белгиледи.
Жалпысынан коронавирус эпидемиясы башталган март айынан бери Кыргызстанда бул илдет 44 миң 526 адамга жукту, алардын 40 миң 158и айыкты, 1062 бейтап каза болду.
Өлкөдөгү эпидемиологиялык абалды президент Сооронбай Жээнбеков жана өкмөт башчы Кубатбек Боронов 7-сентябрда онлайн кеңешмеде талкуулашкан. Мамлекет башчысы коронавирус инфекциясынын экинчи толкуну болбошуна эч кандай кепилдик жок экенин белгилеген.
Саламаттык сактоо министрлиги коронавирустан кийин организмди үй шартында калыбына келтирүү программасын иштеп чыкты. 8-сентябрда "Беш кадам" деп аталган бул программа министрликтин сайтына жарыяланды.
Мекеменин маалыматына караганда, аны өлкөнүн башкы пульмонологу Талант Сооронбаев жетектеген адистер тобу Улуу Британиянын жана Швейцариянын адистеринин жардамы менен иштеп чыгышты.
Министрлик реабилитация программасы боюнча кеп-кеңеш бере турган адистердин да телефондорун жарыялады.
Профессор Сооронбаев COVID-19га чалдыккандарды реабилитациялоо маселеси өтө маанилүү болуп жатканын 7-сентябрда айткан. Бейтаптарга реабилитациялык жардам берүү үчүн дарыгерлер жана медайымдар атайын окуудан өткөрүлөрүн билдирген.
Жалпысынан коронавирус эпидемиясы башталган март айынан бери Кыргызстанда бул илдет 44 миң 526 адамга жукту, алардын 40 миң 158и айыкты, 1062 бейтап каза болду. (
Кыргызстанда соңку бир күндө коронавирус илдетинен бир адам каза болду, 68 бейтап жаңы катталды. Бул тууралуу 8-сентябрда Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб кабарлады.
Жаңы катталган 68 адамдын эң көбү Баткен облусунда – 16 адам. Бишкекте 13, Ош облусунда 11, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарында сегизден, Талас облусунда жети, Чүй облусунда төрт жана Нарын облусунда бир адам.
Жалпысынан коронавирус эпидемиясы башталган март айынан бери Кыргызстанда бул илдет 44 миң 526 адамга жукту, алардын 40 миң 158и айыкты, 1062 бейтап каза болду.
Азыр COVID-19 илдетине чалдыккан 551 бейтап ооруканаларда, 2627 бейтап үйүндө дарыланууда.
Коронавирус коркунучуна байланыштуу Кыргызстандын айрым аймактарында 25-мартта өзгөчө абал режими киргизилген. Бул эреже 11-майдан тартып токтогон, бирок 22-мартта жарыяланган өзгөчө кырдаал режими уланууда.
Тажикстандагы пандемиялык кырдаалга жана терроризм коркунучуна байланыштуу АКШ бийлиги жарандарын бул өлкөгө баруудан карманууга чакырды. Бул тууралуу мамлекеттик департаменттин 6-сентябрдагы билдирүүсүндө кабарланды.
Өткөн айда АКШнын оорулардын алдын алуу жана көзөмөлдөө борбору Тажикстанды COVID-19 жугуп калуу коркунучу жогору өлкөлөрдүн катарына киргизген.
Тажикстандын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда бүгүнкү күнү өлкөдө коронавирус жуктурган адамдардын саны 8750дөн ашты. Бирок айрым эксперттер чыныгы көрсөткүч расмий маалыматтардан алда канча көп экенин айтып жүрүшөт.