Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Сентябрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:02

Өлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделди

"Азаттык" радиосу коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү маалыматтарды тынымсыз жарыялап келет.

2021-жыл, шейшемби, 21-сентябрга карата маалымат:

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 21-сентябрдагы маалыматына караганда, бир суткада өлкө боюнча вирустан эки киши каза болду.

Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2592 адам.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 89 адамдан расмий табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 177 869 адамга жетти.

Бир күндө 108 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 571 адам жатат, дагы 865 бейтап үйдөн дарыланууда. Жалпы айыккандардын саны 172 369 киши.

Бул сандар улам жаңыланып турат. Дүйнөдөгү кырдаалды бул шилтемеден билсеңиз болот.

11:48 16.9.2020

Кыргызстанда 16-сентябрга карата 73 адамдан коронавирус табылды. Ооругандардын арасынан 107 бейтап айыкты. Каза болгондор катталган жок.

Илдетке каршы республикалык штабдын маалыматына ылайык, өлкөдө COVID-19 вирусуна чалдыккандардын жалпы саны 45 072 кишиге жетти. Алардын 41 210 сакайып, 1063 жашоо менен кош айтышты.

Кырдаал Баткен облусунда башка аймактарга салыштырмалуу курч болуп турат. Соңку суткада илдет жуккандардын ичинен жетөө - медицина кызматкери, баары Баткенде иштешет.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 3181 учур катталды, алардын ичинен 2729 медкызматкер айыгып, 70тен ашууну көз жумду.

Кытайдын Ухань калаасында 2019-жылдын декабрында чыккан коронавирус 188 мамлекетке тарады.

АКШнын Жон Хопкинс университетинин маалымат базасы көрсөткөндөй, 16-сентябрга карата дүйнөдө бул илдет жуккандардын саны 29 миллиондон 570 миңден ашты. Алардын 935 миңге жакыны көз жумду, 20 миллиондон көбү айыкты.

Оору эң көп тараган мамлекеттер - АКШ, Индия, Бразилия, Орусия.

Кыргызстанда ооруга кабылгандардын алгачкылары 18-мартта аныкталган.

16:26 15.9.2020

Президент Сооронбай Жээнбеков мектептерде окуу процессин жакынкы арада кадимкидей тартипте уланта баштоону туура көрөт. Бул жөнүндө 15-сентябрда мамлекет башчысынын билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков менен онлайн кеңешмесинде айтылды.

Президенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, министр эгер өлкөдө эпидемиологиялык абал турукташса окуучулардын мектепке барып билим алуусуна октябрь айынан тартып уруксат берүү тууралуу сунуш бар экенин айтты.

Сооронбай Жээнбеков мындай сунушту колдоп, бул процессти этап-этабы менен жүргүзүү керектигин, адегенде башталгыч класстардан баштоо туура болорун белгиледи.

Кыргызстанда март айында башталган коронавирус эпидемиясына байланыштуу окуу жылы аралыктан жыйынтыкталган. Жаңы окуу жылында мектепке биринчи класстын гана балдары барып окуп жатышат, калгандары аралыктан билим алуусун улантууда.

14:20 15.9.2020

Кыргызстандын үч аймагында коронавирус боюнча абал кооптуу болуп турат. Бул тууралуу 15-сентябрда саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди. Анын айтымында, республика боюнча көрсөткүчтү ар бир 100 миң кишиге деп санаганда Баткен, Ысык-Көл облустары жана Бишкек шаарында жогору болууда:

“Мисалы, 7-13-сентябрда республикада көрсөткүч 7 болсо, Баткенде 19, Ысык-Көлдө жана Бишкекте 11 болду. Башка региондорго караганда булардын көрсөткүчү жогору”.

Министр аталган аймактарда санитардык-эпидемиологиялык эрежелер бекем сакталышы керектигин белгиледи.

Кыргызстанда коронавирус эпидемиясы март айынын ортосунда башталган. Андан бери бул илдетке 44 999 адам чалдыкты. Алардын 41 103ү айыгып чыкты, 1 063ү каза болду.

11:31 15.9.2020

Кыргызстанда 15-сентябрга карата 71 адамдан коронавирус табылды. Ооругандардын арасынан 80 бейтап айыкты. Каза болгондор катталган жок.

Илдетке каршы республикалык штабдын маалыматына ылайык, өлкөдө COVID-19 вирусуна чалдыккандардын жалпы саны 44 999 кишиге жетти. Алардын 41 103ү сакайып, 1063ү жашоо менен кош айтышты.

Кытайдын Ухань калаасында 2019-жылдын декабрында чыккан коронавирус 188 мамлекетке тарады. 15-сентябрга карата дүйнөдө бул илдет жуккандардын саны 29 миллиондон ашты. Алардын 927 миңден көбү көз жумду, 19 миллион 776 миңдейи айыгып кетти.

Оору эң көп тараган мамлекеттер - АКШ, Индия, Бразилия, Орусия.

Кыргызстанда ооруга кабылгандардын алгачкылары 18-мартта аныкталган.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG