Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:52

Өлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделди

"Азаттык" радиосу коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү маалыматтарды тынымсыз жарыялап келет.

2021-жыл, шейшемби, 21-сентябрга карата маалымат:

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 21-сентябрдагы маалыматына караганда, бир суткада өлкө боюнча вирустан эки киши каза болду.

Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2592 адам.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 89 адамдан расмий табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 177 869 адамга жетти.

Бир күндө 108 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 571 адам жатат, дагы 865 бейтап үйдөн дарыланууда. Жалпы айыккандардын саны 172 369 киши.

Бул сандар улам жаңыланып турат. Дүйнөдөгү кырдаалды бул шилтемеден билсеңиз болот.

18:10 24.9.2020

Коронавирус күчөп кеткенине байланыштуу Израил 25-сентябрдан тартып эки жума «толук карантинге» өтө турган болду.

Бир жума мурда эле бул өлкө дүйнөдө алгачкылардан болуп кайрадан карантин киргизип, мектептер, бала бакчалар, мейманканалар, соода борборлору, эс алуу жайлары жана пляждар жабылган. Шаршембиге карата бул өлкөдө коронавирус жукканы аныкталган күндүк көрсөткүч жети миңге жеткен.

Ал эми Франция 23-сентябрда жаңы масштабдуу чектөө чараларын жарыялады. 26-сентябрдан тартып өлкө түштүгүндөгү Марсел жана Экс-ан-Прованс шаарларындагы бардык ресторандар менен барлар жабылат. Париж, Лион баштаган он чакты ири шаарда коомдук тамактануу жайларынын иш убактысы чектелет. Спорт залдары да жабык болмокчу. Акыркы аптада Францияда күнүнө 10 миң жаңы учур катталып, жаздагы көрсөткүчтөн ашып кетти.

Британия менен Чехияда саат 22.00дөн кийин ресторандар, барлар жабылып, беткап кийүүгө милдеттүү жайлар көбөйтүлдү.

Акыркы күндөрү жаңы учурлар 10 миңден аз болбой жаткандыктан Испаниянын Мадрид аймагында ички район аралык каттам чектелди.

Кошмо Штаттардын башкы инфекционисти Энтони Фаучи коопсуз жана натыйжалуу вакцина жыл аягына чейин же эмки жылдын башында иштелип чыгарына ишеним бар экенин 23-сентябрда Конгресске билдирди.

14:32 24.9.2020

Парламенттик шайлоого аттанган партиялар коронавируска каршы санитардык эрежелерди сактабай жатат.

23-сентябрда өкмөт башчы Кубатбек Боронов мындай кенебес аракетти сындаган кезде бир канча партия элди чогултуп, шайлоого үгүттөгөн сүрөттөрдү, видеолорду жарыялады. Арасында «Мекеним Кыргызстан», «Ата Мекен», «Биримдик», «Республика» өңдүү партиялар бар.

"Арай көз чарай": Коронавирус коопсуздугу унутта калдыбы?

13:05 24.9.2020

Ташкент шаарынын Үчтепе районунда коронавирустун белгилери байкалган бейтаптарды кабыл алуу жана бөлүштүрүү борбору ачылды.

Шаар бийлиги 23-сентябрдын кечинде жарыялаган видеороликте Үчтепенин акиминин орун басары Бобур Мирзаев борбор “берешен ишкерлер жана демөөрчүлөрдүн” жардамы менен ачылганын айтты.

Миң кишиге ылайыкташтырылган медициналык жай алгачкы иш күнүндө элүүдөн ашуун бейтапты кабыл алды.

“Ушул тапта борбордо 72 киши иштеп жатат, алардын ичинен 60 кызматкер - дарыгерлер жана медайымдар, калганы - ыктыярчылар”, - деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин Ташкентте "Узэкспоборбордо" 1000, “Жаштык” спорткомплексинде 520 жана Гимнастика сарайында 750 орундуу борборлор ачылган.

24-сентябрдагы маалыматка караганда Өзбекстанда коронавирус жуктурганы аныкталгандар 54 миңге жакындады. Алардын 445и көз жумган.

11:41 24.9.2020

Коронавируска каршы Республикалык ыкчам штаб эл көп чогулган иш-чараларды, той-аштарды өткөрүүгө тыюу салуу талабын сактоо жана көзөмөлдөө маселесин көтөрдү. 24-сентябрда ушундай тапшырма жергиликтүү бийликтерге жана тийиштүү мамлекеттик органдарга берилгени расмий кабарланды.

Соңку күндөрү Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында коронавируска чалдыккандар жана өпкөсү кагынгандар көбөйүүдө.

Саламаттык сактоо министрлиги илдеттин кайра жайыла баштаганына адамдар беткап кийбей, санитардык нормаларга көңүлкош экени себеп болуп жатканын билдирди.

Штабды жетектеген биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков той өткөрүү, эл чогулган иш-чараларды уюштурууда кенебестик мамиле улана берсе, өкмөт мыйзамга ылайык башка чараларды кабыл аларын эскертти.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG