Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:07

Өлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделди

"Азаттык" радиосу коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү маалыматтарды тынымсыз жарыялап келет.

2021-жыл, шейшемби, 21-сентябрга карата маалымат:

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 21-сентябрдагы маалыматына караганда, бир суткада өлкө боюнча вирустан эки киши каза болду.

Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2592 адам.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 89 адамдан расмий табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 177 869 адамга жетти.

Бир күндө 108 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 571 адам жатат, дагы 865 бейтап үйдөн дарыланууда. Жалпы айыккандардын саны 172 369 киши.

Бул сандар улам жаңыланып турат. Дүйнөдөгү кырдаалды бул шилтемеден билсеңиз болот.

00:08 1.10.2020
  • Коронавирус пандемиясынан улам АКШдагы «Walt Disney» компаниясы 28 миңден ашык жумушчуларды кыскартууга аргасыз болду. Буга чейин компаниянын Калифорниядагы көңүл ачуу борборлору, парктары пандемиядан улам алты айга жабылууга аргасыз болгон. Компаниянын өкүлү Жош Д'Амаро жумушчуларды кыскартуу боюнча чечим коронавирус дагы канчага уланары белгисиз экенин эске алуу менен кабыл алынганын түшүндүрдү.
  • Бишкек шаарындагы Жугуштуу оорулар ооруканасынын жаңы имаратынын курулушу кечеңдеди. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, 30-сентябрда премьер-министр Кубатбек Боронов оорукананын курулушу менен таанышып чыгып, жумуштун белгиленген мөөнөттө бүтпөй, создугуп жатканына нааразы болду.
  • Ош облусунда санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин бузулушу боюнча сотко чейинки териштирүү иштери башталды. Рейд учурунда Кара-Суу районунда «Элдорадо гранд» рестораны менен Дыйкан-Кыштак айылындагы «Кербен» ресторанында эреже бузулганы аныкталган. Буга байланыштуу Жоруктар кодексинин 127-беренеси менен сотко чейинки териштирүү башталды.
  • 6-октябрдан тартып 1-6-класстардын окуучулары мектептерде окуусун улантышат. Мындай чечим бүгүн, 30-сентябрда Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык ыкчам штабдын отурумунда кабыл алынды.
  • Өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлагандай, анда 1-6-класстын окуучуларын мектептерде окутуу боюнча санитардык-гигиеналык нормаларды сактоо алгоритми иштелип чыкты. Ага ылайык, мектептерде балдар менен катар эле мугалимдердин да дене табы өлчөнөт, бет кап кийүү милдеттүү болот. Мындан тышкары кызматкерлер үй-бүлө мүчөлөрүнүн ден соолугу, аларда коронавирустун белгилеринин бар-жогу жөнүндө анкета толтурушат.
  • Чехиянын өкмөтү өлкөдө СOVID-19 вирусу жуккандар көбөйүп жатканына байланыштуу 5-октябрдан тартып кайрадан өзгөчө абал жарыяламак болду. Саламаттык сактоо министри Роман Примула өкмөттүн кезексиз жыйынынан соң алгачкы эки жумада имарат ичинде 10дон ашык, ачык жайларда 20дан ашык адамдын чогулушуна чектөө коюлуп, спорттук мелдештерди өткөрүүгө тыюу салынарын билдирди. Мындан сырткары мектептер жабылып, медициналык билим алган студенттер ооруканаларга жардам бериш үчүн жөнөтүлөт.
11:32 30.9.2020

Кыргызстанда бир сутка ичинде COVID-19 илдети дагы 147 кишиден лабораториялык жол менен жаңы аныкталды. Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдын 30-сентябрдагы маалыматына караганда, бир күн аралыгында вирус табылгандардын саны боюнча Жалал-Абад облусу алдыга чыкты. Андан кийин Ош облусу жана Бишкек шаары турат.

Жалал-Абад облусунда 41, Ош облусунда 34, Бишкекте 19, Баткен облусунда 17, Ош шаарында 13, Ысык-Көл облусунда 11, Чүй облусунда 10, Талас облусунда эки кишиден вирус табылды.

Бир күн аралыгында өлүм-житим катталган жок. Буга чейинки статистикада пандемия башталган март айынан бери вирустун курмандыктары 1064 адамды түзгөн.

18-августка чейин вирустан жалпысынан 1498 кишинин өмүрү кыйылганы расмий айтылып жаткан. Бийлик каза болгондордун эсеби кайра каралып чыкканын, 437 кишинин өлүмүнө башка оорулар себеп болгонун, сегиз учур эки жолу катталып калганын жарыялаган.

Расмий эсеп боюнча учурда 819 бейтап ооруканаларда, 1455 киши үй шартында дарыланууда.

Марттан бери илдет жугузуп алгандар 46 669 кишиге жетти. Анын 42 879у айыгып чыкканы айтылды.

17:28 29.9.2020

Баш калаадагы кафе-ресторандарда иштеген ондогон жарандар 29-сентябрда мэриянын маңдайында, Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониянын алдында нааразылык акциясын өткөрүштү.

Уюштуруучулардын бири Акыл Осмонов «Азаттыкка» акцияга тармакта иштеген ашпозчу, официант жана башка жумушчуларды кошкондо 100дөй киши катышканын жана жарым жылдан бери пандемияга байланыштуу жумушсуз отурганына нааразылык иретинде видеофлешмоб жаздырышканын билдирди.

«Жарым жылдан бери Бишкекте 5000ге жакын адам жумушсуз отурат. Бүгүн ошолордун өкүлдөрү чыгып, видеофлешмоб жаздырдык. Себеби эң жөнөкөй. Учурда базарлар, автобус-троллейбустар, бардык эле эл чогулган жерлер тоскоолдуксуз иштеп жатат, ал эмес шайлоодо үгүтчүлөр стадиондорго миңге жакын адамды чогултуп жүрүшөт. Эгер элдин ден соолугун ойлошсо, анда мунун баарын жабыш керек. Биз мындай кош стандартты түшүнбөй жатабыз. Жарым жыл чыдадык. Эми биздин да үнүбүздү угушсун», - деди Акыл Осмонов.

Акциянын катышуучулары менен жолугушууга мэриядан эч ким чыккан эмес.

Нааразы тарап президент менен премьер-министрге ачык кайрылуу жиберип, той-топурларга киргизилген чектөөлөрдү алууну, өздөрүнүн маселесин чечип берүүнү суранышты. Ушундай эле акция бүгүн Талас шаарында да өткөн.

COVID-19 пандемиясынан улам Кыргызстанда бир катар чектөөлөр бар. Кафе-ресторандарга той-аш өткөрүүгө, эл көп катышуучу иш-чараларга тыюу салынган. Мындай талапты аткарбаган юридикалык жактарга 13 миң, жеке адамдарга үч миң сом айыппул салынат. Буга чейин Бишкекте эреже сактабай, той-топур өткөргөн бир канча кафе-ресторандар, клубдар аныкталган. Ошондой эле айыппул төлөп коюп эле той өткөргөндөр көп экени, 4-октябрга белгиленген парламенттик шайлоонун алдындагы үгүт өнөктүгүндө санитардык талаптар бузулуп жатканы коомчулукта айтылып келет. Маселе өкмөттө да бир нече ирет көтөрүлүп, айыппулду көбөйтүү тууралуу сунуштар айтылган. Президент жана премьер-министр саясий партияларды санитардык эрежелерди сактоого чакырышкан.

Статистика акыркы күндөрү Кыргызстанда вируска чалдыккандар улам көбөйүп жатканын көрсөтүүдө. 29-сентябрга карата COVID-19 илдети лабораториялык жол менен 167 кишиден жаңы аныкталды. Илдет жуккандардын саны боюнча Баткен, Жалал-Абад, Ош облустары алдыда. Пандемия башталган март айынан бери 1064 адам вирустун курмандыгы болду. Марттан бери илдет жугузуп алгандардын саны 46522 кишиге жетти. Расмий эсеп боюнча учурда 761 бейтап ооруканаларда, 1484 киши үй шартында дарыланууда. Анын 42 761и айыгып чыкканы айтылды.

17:11 29.9.2020

28-сентябрда Баткенде коронавирус оорусуна байланыштуу эпидемиологиялык кырдаал курч болуп жаткандыктан, облустук штабдын чечими менен бир катар чектөөлөр киргизилген.

Ага ылайык, 28-сентябрдан тартып облустан тышкары, район аралык жана ички коомдук транспорттун каттамдары, мал базарлардын иши, мечиттерде жамаат менен жума намаздарын окуу убактылуу токтотулуп, чек арадан өтүп жаткан Өзбекстан менен Тажикстандын жарандары акыркы үч күндө алынган ПЧР-анализи таза чыкса гана киргизиле турганы кабарланган.

Соода борборлорунда, дүкөндөрдө, коомдук жайларда санитардык талаптардын аткарылышы боюнча күн сайын рейд жүргүзүү жана дезинфекциялоо иштерин күчөтүү, баш ийбегендерге чара көрүү милдети район жана шаар башчыларына жүктөлгөнү, партиялардын шайлоого карата үгүт иштерин жүргүзүү жаатында санитардык эрежелерге көзөмөл күчөтүлөрү да айтылган.

Облустук штаб ошол эле күнү кечке жуук жарандардын жана ишкерлердин кайрылуусун карап чыгып, кабыл алынган чектөөлөр кайра алынганы тууралуу маалымат таратты. Анда жарандардын жана айдоочулардын кайрылуусунан улам чектөөлөр жоюлганы менен, санитардык талаптарды сактоо, беткап тагуу режими күчүндө калганы айтылат.

29-сентябрга карата COVID-19 илдети лабораториялык жол менен 167 кишиден жаңы аныкталды. Илдет жуккандардын саны боюнча Баткен облусунда 55 киши катталды. Бул башка аймактарга салыштырмалуу эң көп.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG