Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:30

Өлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделди

"Азаттык" радиосу коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү маалыматтарды тынымсыз жарыялап келет.

2021-жыл, шейшемби, 21-сентябрга карата маалымат:

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 21-сентябрдагы маалыматына караганда, бир суткада өлкө боюнча вирустан эки киши каза болду.

Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2592 адам.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 89 адамдан расмий табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 177 869 адамга жетти.

Бир күндө 108 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 571 адам жатат, дагы 865 бейтап үйдөн дарыланууда. Жалпы айыккандардын саны 172 369 киши.

Бул сандар улам жаңыланып турат. Дүйнөдөгү кырдаалды бул шилтемеден билсеңиз болот.

11:00 22.10.2020

Пневмонияны козгогон коронавирус күчөгөн соңку үч аптада (28-сентябрь 22-октябрь) Кыргызстанда 58 адам жашоо менен кош айтышты.

Өлкөдө коронавирус жай айларында күчөп, өлгөндөрдүн саны миңден ашкан. Августтун ортосунда оору жуккандардын саны суюлуп, сентябрь айында үч апта расмий эсепте киши өлүмү болгон эмес.

Октябрдан тарта вирус жугузгандар кайра көбөйүп, күнүнө үч-беш бейтаптын жаны үзүлгөн учурлар расмий катталууда.

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 22-октябрдагы маалыматына караганда, акыркы суткада 547 адамдан вирус жаңы аныкталды. Ооруп жаткандардын төртөө жашоо менен кош айтышып, 282си айыкты.

Кыргызстанда марттан бери вирус жугузуп алгандардын расмий эсеби 54006 адамды түзүп, 46 726сы сакайды. Көз жумгандар 1122ге жетти.

10:21 22.10.2020

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 22-октябрдагы маалыматына караганда, акыркы бир суткада COVID-19 вирусу жана пневмониядан төрт бейтап каза болду. Алардын экөө Бишкекте, бирөө Баткенде, бири Ошто.

Акыркы суткада 547 адамдан вирус жаңы аныкталды. Мурда ооругандардын 282си айыкты.

Оору жаңы такталган учурлар:

  • Бишкек шаарында - 123;
  • Баткен облусунда – 90;
  • Ош облусунда - 85;
  • Жалал-Абад облусунда - 79;
  • Чүй облусунда - 76;
  • Ош шаарында – 52;
  • Ысык-Көл облусу – 23;
  • Талас облусу - 15;
  • Нарын облусу - 4.

Кыргызстанда марттан бери вирус жугузуп алгандардын расмий эсеби 54006 адамды түздү. Анын 1122си жашоо менен кош айтышып, 46 726сы сакайды.

Статистика боюнча учурда вируска чалдыккан 2919 бейтап стационарда, калганы үй шартында дарыланып жатат.

10:07 22.10.2020

Чехиянын өкмөтү коронавирус менен ооругандар көбөйгөнүнө байланыштуу карантиндик чектөөлөрдү күчөттү. Премьер-министр Андрей Бабиш 21-октябрдагы басма сөз жыйынында билдиргендей, айрым соода борборлору жабылат, адамдардын ары-бери чыгуусуна чектөө киргизилет.

“Биз элдин өмүрүн сактап калышыбыз керек”, - деди Бабиш.

22-октябрдан тартып киргизилген чектөөлөр кеминде 3-ноябрга чейин созулат.

Бул чара 20-октябрь күнү Чехияда бир суткада 11 984 адам коронавируска кабылганы тууралуу маалымат чыккандан кийин кабыл алынууда. Бул пандемия башталгандан берки рекорддук көрсөткүч. Акыркы жумада оорудан көз жумгандар көбөйгөнү, бейтапканаларда орундар COVID-19 вирусу менен ооругандарды дарылоо максатында бошотулуп жатканы кабарланды.

Саламаттык сактоо министри Роман Примула коронавируска чалдыккандардын жаңы рекорддук көрсөткүчү 11-ноябрда болору болжолдонуп жатканын айтты.

Апта аягында Чехиянын борбору Прагада карантиндик чектөөлөргө каршы нааразылык акциясы өтүп, аягында полиция менен демонстранттар кагылышкан. Футбол жана хоккей фанаттары оюндарды ачык өткөрүүнү талап кылып чыгышкан.

17:49 21.10.2020

Соңку аптада Европада, анын ичинде Испанияда, Италияда, Францияда, Чехияда жана Орусияда да коронавирус жугузуп алгандар көбөйүп жатат. Бул өлкөлөрдүн көбүндө бир күн ичинде илдетке чалдыккандардын саны апрель айындагы көрсөткүчтөн кыйла жогору.

Ушундан улам Европанын бир топ бөлүгүндө коомчулуктун каршылыгына карабай коменданттык саат, милдеттүү беткап жана карантин сыяктуу жаңы чектөөлөр киргизиле баштады.

Чехиянын өкмөтү бейтаптардын саны рекорддук чекке жетип жатканын билдирип, жакынкы күндөрү кошумча чаралар киргизилерин эскертти. Буга чейин Франция тогуз шаарда бир айлык коменданттык саат киргизген.

Соңку апталарда Кошмо Штаттарда COVID-19га чалдыккандар кайра көбөйдү. Октябрь айынын башында бир күндө вирус аныкталган адамдардын саны 42 миңдин тегерегинде болсо, азыр 58 миңге жетип жатат. Бул июль айынан берки эң жогорку көрсөткүч. Апта башында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башчысы Тедрос Гебрейсус планетанын түндүк жарым шаарында суук түшө баштагандыктан, вирус күчөй турганын эскерткен. Дүйнөдө пандемия башталгандан бери 40,5 миллиондон ашуун адам вирусту жугузуп алды. Алардын ичинен бир миллион 100 миңден ашууну көз жумду.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG