Коронавируска байланыштуу Чехияда түнкү коменданттык саат киргизилди. Европа Биримдигинин саламаттык сактоо органы бул өлкө аймакта оору жуккан учурлар боюнча эң алдыга чыкканын маалымдады. Чех саламаттык сактоо министри Роман Примула азыркы карантин чаралары да аздык кыларын, коронавируска кабылгандар 268 миңден ашып, 2300дөн көп бейтап көз жумганын билдирди.
Чехияда коменданттык саат 28-октябрдан тартып башталат жана өтө олуттуу себеби жок, бейчеки көчөгө чыгууга тыюу салынат. Өкмөт 5-октябрда өзгөчө абал жарыялаган жана мектептер, тамактануучу жайлар жабылган, көпчүлүк жерлерде милдеттүү түрдө беткап кийүү тууралуу эреже кирген. Тамак-аш, турмуш-тиричиликке керектүү буюм-тайымдар сатылган дүкөндөр менен дарыканалардан башкасынын баары жабылган.
Пандемиянын айынан Рождество алдындагы салтка айланган майрамдык жармаңкелер да болбойт. Мунун алдында Германияда да ушундай чечим кабыл алынган.
Италия менен Испания да кайрадан карантин эрежелерин киргизди. Франция ушул тапта чектөө эрежелерин дагы катаалдатуунун жолдорун караштырып жатат. Париж өндүү ири шаарларда буга чейин коменданттык саат киргизилген. Испанияда 25-октябрда түнкү коменданттык саат киргизилип, өзгөчө абал жарыялаган.
Францияда коронавируска кабылгандар 1,1 миллион адамга жетти. Мындай көрсөткүч менен дүйнөдөгү бешинчи өлкө болуп калды.
АКШдагы Жон Хопкинс университетинин эсебинде, дүйнө жүзүндө коронавирус 43 миллиондон ашык адамга жукту. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму быйыл март айында COVID-19ду пандемия деп жарыялагандан бери 1,1 миллион бейтап жан берди.
Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 26-октябрдагы маалыматына караганда, соңку бир сутка ичинде коронавирус дагы 420 кишиден жаңы аныкталды.
Марттан бери вирус жугузуп алгандардын расмий эсеби 56 170 адамды түздү. Анын 47 843ү сакайганы айтылды. Бир күндө 227 адам ооруканалардан айыгып чыкты.
Кыргызстанда пневмонияны козгой турган коронавирус аныкталган март айынан бери илдеттен кайтыш болгондордун саны Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча 1134 кишиге жетти.
18-августка чейин вирустан жалпысынан 1 498 кишинин өмүрү кыйылганы расмий айтылган. Бийлик каза болгондордун статистикасы кайра каралып чыкканын, 437 кишинин өлүмүнө башка оорулар себеп болгонун, сегиз учур эки жолу катталып калганын жарыялаган.
Статистика боюнча учурда вируска чалдыккан 3 399 бейтап стационарда, 3 274ү үй шартында дарыланууда.
Кыргызстанда коронавирустун жайылышы күчөп жатканына байланыштуу август айында жабылган убактылуу стационарлар кайра ачылып жатат.
Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 25-октябрдагы маалыматына караганда, акыркы бир суткада COVID-19 вирусунан жана пневмониядан дагы төрт бейтап каза болду. Алар Нарын, Ош, Чүй жана Баткен облустарында. Ушуну менен COVID-19 илдетинен көз жумгандардын саны 1134гө жетти.
Акыркы суткада 606 адамдан вирус жаңыдан табылды. Мурда ооругандардын 279у айыкты.
Оору жугузгандардын аймактардагы эсеби:
- Жалал-Абад облусунда - 184;
- Баткен облусунда – 105;
- Ош облусунда - 97;
- Бишкек шаарында - 88;
- Ысык-Көл облусунда - 41;
- Ош шаарында – 36;
- Чүй облусунда - 29;
- Талас облусунда - 24;
- Нарын облусунда - 2 киши.
Кыргызстанда марттан бери вирус жугузуп алгандардын расмий эсеби 55750 адамды түздү. Алардын арасынан 47616 бейтап айыкты.
2019-жылдын декабрында Кытайдын Ухань калаасынан чыккан вирус 188 өлкөгө тарады.
АКШдагы Жон Хопкинс университетинин маалымат базасы көрсөткөндөй, 25-октябрга карата дүйнөдө коронавирус жуккандардын саны 42 миллион 613 миңден ашты. Алардын 1 миллион 150 миңге жакыны жашоо менен кош айтышты. 28 миллион 762 миңден көбүрөөк бейтап айыкты.
АКШда оорулуулар сегиз миллиондон, Индияда жети миллиондон, Бразилия беш миллиондон ашты. Орусияда, Аргентинада, Испанияда, Францияда миллиондон көп. (SE)
АКШнын президенттигине негизги талапкерлер - республикачы Дональд Трамп жана демократ Жозеф Байден үгүт өнөктүгүнүн алкагындагы соңку жолугушууларды өткөрүп жатат.
22-октябрдагы теледебатты өзү үчүн "жеңиш" катары сыпаттаган Трамп тарапкерлеринин санын кеңейтүүгө аракет көрүүдө.
23-октябрда Трамп Флоридада, Байден Делавер штатында жолугушууларды өткөрдү.
Байден бир катар шаарларда коронавируска кабылгандардын жана өлгөндөрдүн саны көбөйгөнүн билдирип, Трамп бул кризисти көзөмөлдөй албай жатканын белгилөөдө.
Байден коронавируска каршы ишенимдүү вакцина чыгары менен америкалыктардын баары акысыз эмдөөдөн өтөрүн айтты. Ага чейин АКШда милдеттүү түрдө беткап тагынуу керектигин белгилеп, пандемиядан азап тартып жаткандарга каржылык көмөк көрсөтүү программасын убада кылды.
Трамп атаандашын "коронавирус кризисин ашырып көрсөтүп жатат",- деп, тарапкерлерин пандемия тез арада бүтөрүнө ишендирүүгө аракет кылды.