Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:24

Өлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделди

"Азаттык" радиосу коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү маалыматтарды тынымсыз жарыялап келет.

2021-жыл, шейшемби, 21-сентябрга карата маалымат:

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 21-сентябрдагы маалыматына караганда, бир суткада өлкө боюнча вирустан эки киши каза болду.

Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2592 адам.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 89 адамдан расмий табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 177 869 адамга жетти.

Бир күндө 108 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 571 адам жатат, дагы 865 бейтап үйдөн дарыланууда. Жалпы айыккандардын саны 172 369 киши.

Бул сандар улам жаңыланып турат. Дүйнөдөгү кырдаалды бул шилтемеден билсеңиз болот.

17:42 19.11.2020

Орусияда соңку бир күндө коронавирус дагы 23,6 миңден ашык адамдан табылды жана бул кезектеги антирекорд болуп калды. Илдетке кабылгандардын жалпы саны эки миллион кишиден ашты.

Баарынан Москвада ооругандар көп катталып жатат, андан кийин Санкт-Петербург шаары менен Москва облусу турат.

Акыркы бир күндө өпкөнү сезгенткен вирустан дагы 462 бейтап көз жумду жана бул да пандемия маалындагы эң чоң көрсөткүч болуп калды. Коронавирус 35 миңдей адамдын өмүрүн кыйды.

Украинада да соңку бир күндүн ичинде ооругандар боюнча эң чоң көрсөткүч катталды жана илдет дагы 13 миңден көп адамдан аныкталды. Өлкөнүн саламаттык сактоо министри Максим Степанов 257 бейтап жан бергенин билдирди. Өлкөдө оору жалпысынан 583,5 миңден көп адамга жугуп, 10 миңден ашык бейтаптын өмүрү кыйылды.

Коронавирус жуккандар дүйнөдө 55 миллион адамдан ашып, 1,34 миллион бейтап жан берди. Илдет көп катталгандардын сап башында АКШ, Индия, Бразилия, Франция жана Орусия турат.

13:08 19.11.2020

Кинотеатрларды жана соода борборлорунун ичиндеги коомдук тамактануучу жайларды ачуу маселеси азырынча чечиле элек. Бул тууралуу 19-ноябрда Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб кабарлады.

Штабдын маалыматына караганда, азыркы учурда бул маселе өкмөттүн кароосунда. Кинотеатрлар жана фудкорттор штабдын тийиштүү чечиминен кийин гана ачылат.

Коронавирус эпидемиясы Кыргызстанда март айында башталып, өлкөнүн көпчүлүк аймактарында өзгөчө кырдаал жарыяланган жана мекеме-жайлар убактылуу жабылган. Кийин алардын дээрлик баарына ишин улантууга уруксат берилген.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 19-ноябрдагы маалыматына караганда, кечээтен бери бул илдеттен беш киши каза болду. Көз жумган бейтаптар Бишкек шаарынын жана Талас, Чүй, Жалал-Абад, Ош облустарынын тургундары болчу.

Жалпысынан көз жумгандардын саны 1217 адамга жетти.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 422 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында (130) жана Чүй облусунда (93).

Оору жуккандардын жалпы саны 68 316 кишиге жетти. Бир күндө 516 адам айыгып чыкты.

Коронавирус жуккан медицина кызматкерлеринин жалпы саны 3776 адамга жетти, алардын 3521и айыгып чыкты. Соңку күндө бул оору 12 дарыгерден табылды.

Кыргызстанда март айынын этегинде башталган эпидемия июль айында курчуп, көп киши каза болгон. Сентябрдын башында каза болгондор катталбай калган. Оорунун экинчи толкуну октябрда башталды.

11:16 19.11.2020

Америкалык "Pfizer" фармацевтикалык компаниясы COVID-19га каршы вакцинасынын клиникалык сыноосунун акыркы жыйынтыгын жарыялады. Компаниянын 18-ноябрдагы маалыматына ылайык, сыноолор вакцина 95% натыйжалуу экенин, ал аярлуу топко кирген улгайган адамдарды да коргой аларын көрсөттү.

"Pfizer" "BioNTech" компаниясы менен чогуу иштеп чыккан бул вакцинасын жакынкы күндөрдө АКШда чукул каттоодон өткөргөнү жатат.

"Reuters" жаңылыктар агенттиги вакцина жылдын аягына чейин колдонууга чыгып калышы мүмкүн экенин жазды.

Өткөн аптада америкалык компания сыноонун баштапкы жыйынтыгын жарыялап, анда коронавирустан коргоочу вакцинанын натыйжалуулугун 90 пайыз деп белгилеген. Аны улай америкалык дагы бир "Moderna" биотехнологиялык компаниясынын коронавируска каршы вакцинасы 94,5% натыйжалуу экенин билдирген.

Коронавирустун алдын алуучу вакцина сыноодон өткөнү тууралуу кабар Европа жана АКШнын бир катар аймактарында COVID-19га чалдыккандардын саны өсүп жаткан учурда чыкты.

АКШдагы Жонс Хопкинс университетинин эсебинде, 18-ноябрга карата дүйнөдө кеминде 55 миллион 793 миңдей киши коронавируска чалдыкканы ырасталды.

Алардын 1 миллион 341 миңден көбү көз жумду.

17:26 18.11.2020

Украинада соңку бир сутка ичинде 256 адам COVID-19 илдетинен көз жумду. Бул эпидемия башталгандан берки эң жогорку көрсөткүч. Украинанын саламаттык сактоо министри Максим Степанов шаршемби күнү билдиргендей, өлкөдө коронавирустан кайтыш болгон адамдардын жалпы саны 10 112 кишиге жетти.

«18-ноябрга карата Украинада 12 496 киши короанвирус жугузуп алганы ырасталды. Алардын 535и өспүрүмдөр, 529у медицина кызматкерлери», - деди Степанов.

Украинада соңку бир күн ичинде 1600дөн ашуун бейтап COVID-19дун белгилери менен ооруканага жаткырылды.

Пандемия башталгандан бери Украинада коронавируска чалдыкканы ырасталган адамдардын саны 570 миңден ашты. Жакында өлкө президенти Владимир Зеленский да бул илдетке чалдыгып, ооруканага түшкөн эле.

АКШдагы Жонс Хопкинс университетинин маалыматына ылайык, дүйнөдө кеминде 55 миллион 672 миңдей киши коронавируска чалдыкканы ырасталды. Алардын 1 миллион 339 миңден көбү COVID-19дан көз жумду. Европанын бир катар өлкөлөрүндө коронавирус кайрадан күчөп, жаңы чектөөлөр киргизилип жатат.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG